Газа тилкесинде ачарчылыктан 317 адам каза болгонун, адардын 121и балдар экенин анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, Газада жетишсиз тамактануудан каза болгон тургундардын жалпы саны 317ге жетти, акыркы 24 сааттын ичинде эле төрт адам каза болду.
22-августта БУУ колдогон азык-түлүк коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү механизминин эксперттери, Азык-түлүк коопсуздугунун интеграцияланган фазасынын классификациясы (IPC) Палестинанын түндүгүндөгү Газа провинциясындагы абалды биринчи жолу расмий түрдө ачарчылык деп мүнөздөгөн.
Ошол эле күнү жөөт мамлекетинин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Израил Газада “ачарчылык” кылбай, “ачарчылыктын алдын алууда” деп билдирген.
IPC – бул БУУнун агенттиктерин, гуманитардык уюмдарды жана бир катар мамлекеттердин өкмөттөрүн бир аймактагы ачарчылыкты аныктоо, анын табиятын аныктоо жана аны жок кылуу боюнча чечимдерди сунуштоо үчүн бириктирген глобалдык демилге.
22- августта уюм узун баяндамасын жарыялап, анда Газа тилкесиндеги баш калаадагы ачарчылык адамдын колу менен жасалгандыгын жана аны каалаган убакта токтотсо болорун айткан.
Бул Жакынкы Чыгышта ачарчылык расмий тастыкталган биринчи учур.
IPC билдиргендей, Газа боюнча жарым миллион адам ачарчылык, жакырчылык жана өлүмгө дуушар болууда. Уюм сентябрдын аягына чейин ачарчылык Дейр-эль-Балах жана Хан Юнис аймактарына жайылат деп болжолдойт.
IPC эксперттери Израилдин Газа шаарына чабуулу ансыз да катастрофалык гуманитардык кырдаалды начарлатат деп эскертишүүдө.
















