Мындай жыйынтык 2026-жылдагы Глобалдык азык-түлүк кризистери боюнча баяндамадан (GRFC) алынган.
2016-жылдан бери катастрофалык ачарчылыкка кабылган адамдардын саны тогуз эсеге өсүп, курч ачарчылык учурлары эки эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу БУУнун түзүмдөрү жана агенттиктери, анын ичинде Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) даярдаган 2026-жылдагы Глобалдык азык-түлүк кризистери боюнча баяндамада айтылат.
Акыркы он жыл ичинде курч ачарчылык учурлары эки эсеге көбөйүп, 2025-жылы баяндама тарыхында биринчи жолу бир эле учурда эки жерде — Газа секторунда жана Судандын айрым аймактарында — катастрофалык ачарчылык жарыяланган.
Азык-түлүк коопсуздугунун фазаларын интеграцияланган классификациялоо системасынын (IPC) шкаласына ылайык, бул аймактарга эң жогорку — бешинчи фаза берилген. Жалпысынан беш фаза бар, үчүнчү фазадан баштап абал адамдардын ден соолугуна жана жашоосуна коркунуч жаратып, гуманитардык жардамды талап кылат.
Жогорку деңгээлдеги курч ачарчылыкка туш болгон калктын үчтөн экиси он өлкөгө туура келет: Афганистан, Бангладеш, Конго Демократиялык Республикасы, Мьянма, Нигерия, Пакистан, Түштүк Судан, Судан, Сирия жана Йемен.
Афганистан, Түштүк Судан, Судан жана Йемен азык-түлүк кризисинин эң оор түрүн баштан кечирген өлкөлөр болуп саналат — бул өлкөлөрдө азык-түлүк жетишсиздигине дуушар болгон адамдардын үлүшү да, саны да эң жогору.
Баяндамага ылайык, 2025-жылы жалпысынан 47 өлкө жана аймакта 266 миллион адам курч азык-түлүк жетишсиздигине кабылган, бул талданган калктын дээрлик 23 пайызын түзөт. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге жогору.
«Тиешелүү деңгээлде тамак-аштын тартыштыгы олуттуу жана өсүп жаткан көйгөй бойдон калууда. 2025-жылы эле 35,5 миллион бала жетиштүү азыктанбоодон жабыркаган, анын ичинде дээрлик 10 миллиону оор формадагы жетишсиздикке дуушар болгон», — деп айтылат баяндамада.

















