БУУ Израилдин Газа шаарын басып алуу пландарына каршы экенин БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик билдирди.
20-августта израилдик Kan мамлекеттик телерадиокомпаниясы Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Газа шаарын басып алуу операциясын жактырганын билдирген. Телерадиокомпаниянын маалыматы боюнча, план 21-августта саясий жетекчиликке жана министрлер кабинетине бекитүү үчүн берилет. Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) Газаны басып алуу операциясына даярдык көрүү үчүн резервдеги аскерлерге 60 миңдей чакыруу жөнөттү.
“Биз буга (Газаны басып алууга – ред.) чечкиндүү түрдө каршыбыз. Бул жаңжал башталгандан бери бир нече жолу жер которгон адамдардын кезектеги массалык жер которуштуруусуна алып келээри айкын”, – деди Дюжаррик журналисттер үчүн брифинг учурунда.
8-августта Израилдин аскердик-саясий кабинети премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун Газа тилкесин жаңы “жарандык өкмөткө” өткөрүп берүү үчүн анклавда бүтүндөй көзөмөл орнотуу планын жактырган.
ХАМАС кыймылы Израилдин Газа шаарын басып алуу операциясы ортомчулардын Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмаштыруу аракеттерине көңүл бурбагандык деп билдирди. Буга чейин ХАМАС ок атышууну токтотууну сунуштаган ортомчулар Египет менен Катарга оң жообун жөнөткөнүн расмий тастыктаган.
















