16-декабрда Бундестаг Германиянын канцлери Олаф Шольцко ишеним көрсөтпөө чечимин чыгарды, деп билдирет DW.
Добуш берүү боюнча чечимди 374 депутат жактырды, 207 депутат Шольцту колдоду, калган 116сы калыс болду.
Бул Шольцтун үч партиялуу коалициялык өкмөтү кулагандан эки айга чукул убакыт өткөндөн кийин болду.
Бундестагга мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Шольц ишеним добушунан ажырашы керек болчу. Эгерде жок дегенде 367 депутат колдосо, добуш берүү ырасталмак.
Эске сала кетсек, Шольц өлкөнүн бюджети боюнча пикир келишпестиктерден улам каржы министри Кристиан Линднерди кызматтан алгандан кийин Бундестагга мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган. Андан кийин Линднердин СвПДдагы өнөктөштөрү өкмөттүк кызматтардан өз ыктыяры менен баш тартышы менен коштолду.
Буга чейин ММКлар Путин Шольц менен сүйлөшүүгө даяр экенин дагы бир жолу билдиргенин жазган.

















