28-январда күчү 6,5 баллга жеткен титирөө Бразилиянын аймагында катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, жердин силкинүүсүнүн очогу 15600 адам жашаган Тарауака шаарынын батыш тарабынан 66 км. аймактан чыккан.
Азырынча адам өмүрүнө келтирилген зыян жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.
Белгилей кетүүчү жагдай, 23-январга караган түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында 5 балл, Бишкекте 4 балл, Ташкентте 3 балл болгон.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл болуп сезилгенин кабарлаган.
















