Испаниянын түштүгүндө жайгашкан Гранада шаарында түн ичинде кеминде 10 ирет жер титирөө катталды. Бул аймакта беш күн мурун башталган сейсмикалык активдүүлүктүн уланышы болду.
Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин маалыматына таянуу менен Reuters агенттиги билдирди.
Көптөгөн дүкөндөр, чиркөөлөр жана музейлер жабылды. Ал эми жергиликтүү бийлик коопсуздук чарасы катары административдик мекемелердин ишин да токтотту.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, айрым тургундар коопсуздук үчүн жээкке качып барышкан, ал эми башкалары имараттар урап кетиши мүмкүн деген кооптонуудан улам көчөдө калууну чечишкен.
Бул сериядагы эң күчтүү жер титирөө магнитудасы 3,4 баллга жеткен. Ал шейшемби күнү саат 23:35те катталып, очогу Гранада шаарынан 7 чакырым түштүктө жайгашкан Охихарес аймагында болгон.
Андан кийин магнитудасы 1,5тен 2,5ке чейин болгон дагы тогуз жер титирөө катталып, андан тышкары күчү азыраак ондогон кийинки силкинүүлөр болгон.
Саламаттыкты сактоо кызматтарынын өкүлдөрү 14 бейтапка медициналык жардам көрсөтүлгөнүн билдиришти. Алардын көбү дүрбөлөңгө түшүп же тынчсыздануу белгилери менен кайрылышкан. Ошондой эле тез жардам кызматына 500дөн ашык чалуу түшкөн.















