Борбор Азия өлкөлөрү 2024-жылга Амударья жана Сырдарьядагы сууну бөлүштүрүштү. Бирок кургап бараткан Арал көлү канча суу алары белгисиз болууда.
Казакстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясынын 86-жыйыны болуп, аймактагы өлкөлөр 2024-жылдын сугат мезгилиндеги сууну бөлүштүрүштү. Бул тууралуу аталган комиссиянын расмий сайты билдирди.
Жыйында 2023-2024-жылдардагы Сырдарья жана Амударья бассейндериндеги дарыялардын сугат мезгилинде суу сактагычтардын иштөө режими жана сууну бөлүштүрүү өлчөмү, белгиленген тапшырмаларды ишке ашыруунун иштөө тартиби жана уюмдун келерки 87-жыйынын кайда өткөрүү, күн тартиби сыяктуу маселелер талкууланды.
Эң негизги маселе мамлекеттердин суу сактагычтарынын суу алуу өлчөмү жана үстүбүздөгү жылдын сугат мезгилинде Сырдарья жана Амударья дарыяларынан сууну бөлүштүрүүнү бекитүү болду.
Азырынча уюмдун сайтында аймактын өлкөлөрү эгин талааларын сугарууга канча суу алары жана Арал деңизине бериле турган суунун көлөмү тууралуу маалымат жок. Белгиленген өлчөмгө ылайык, жыл сайын Амударья бассейнинен 56 млрд кубометр суу алынып, анын 40 млрд кубометрге жакыны сугат маалына – апрелден октябрга чейинки мезгилге туура келет.
Бул макулдашууга ылайык, өткөн сугат мезгилиндеги жылдары Тажикстан 6,9 млрд кубометрден бир аз ашыгыраак, Өзбекстан 16 млрд, Түркмөнстан – 15,5 млрд. кубометр суу алган.
Ал эми Сырдарья бассейниндеги суу кампадан жыл сайын 11,9 млрд кубометр суу алынып, анын 1,9 млрд кубометрин Тажикстан, Өзбекстан – 8,8 млрд, Казакстан – 920 млн, Кыргызстан – 270 млн кубометр жайкы сугат маалында алышкан.
БА өлкөлөрүнүн 2024-жылдагы сугат талааларынын аянты: Өзбекстан – 4,3 млн га; Казакстан – 2,5 млн га; Түркмөнстан – 1,9 млн га; Кыргызстан – 1 млн га; Тажикстан – 0,68 млн га.




















