Эгерде Каспий деңизинин суусу азайышына байланыштуу олуттуу чаралар көрүлбөсө, ал Арал деңизинин тагдырын кайталоо коркунучунда турат.
Report агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Ирандын Саясий жана эл аралык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери, элчи Мохсен Мохаммади Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин (СВМДА) 13-жыйынында айтты.
«Климаттын өзгөрүшү жаңы коркунучтарды жаратууда. Каспий деңизинин деңгээли төмөндөп жатат. Эгер олуттуу чаралар көрүлбөсө, анын тагдыры Арал деңизинин кайгылуу жолун кайталашы мүмкүн», — деди ал.
Адис кошумчалагандай, Иран ар дайым өзүнүн негизги көңүлүн регионалдык соода байланыштарын кеңейтүүгө бурган.





















