Аба ырайынын салкын, жаанчыл болушу Борбордук Азиянын эки негизги Амударя жана Сырдарыяларынын сууга толуп кетишине себеп болду.
Бул боюнча, 12-апрелдеги Казакстандын Чымкент шаарында өткөн мамлекеттер аралык координациялык суу комиссиясынын 86-жыйынында Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамроев “Жаан-чачындын көп жаашынын натыйжасында Амударыясы менен Сырдарыясынын былтыркы деңгээлге жетиши күтүлүп, көп жылдык нормага караганда Сырдарыяда 85-90 пайызга, Амударыяда 90-95 пайызга чейин суу болору болжолдонууда” – деди чөлкөмдүн өлкөлөрү суунун лимитин макулдашуу учурунда.
Анын айтымында, Сырдарыя бассейнинде 2024-жылдын вегетация мезгилине сууну алуунун бекитилген лимитин ылайык, өлкөлөр өз талааларын сугаруу үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө суу алышат:
Тажикстан – 1 млрд 905 млн;
Казакстан – 922 млн;
Кыргызстан – 270 млн;
Өзбекстан — 8 миллиард 800 миллион кубометр суу.
Сырдарыя бассейнинен суу алуу 11 миллиард 897 миллион кубометрди түзөт. Ал эми вегетация мезгилине (2024-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин) Амударыядан суу алуу 39 миллиард 702 метр кубду түзөт.
Алардын ичинен өлкөлөр сугат үчүн: Тажикстан – 6 млрд 982 млн;
Өзбекстан – 17 миллиард 220 миллион;
Түркмөнстан — 15 миллиард 500 миллион кубометр суу вегетация мезгилинде дарыянын дельтасына жана Арал деңизине суу берүү 2 миллиард 100 миллион кубометрди түзөт.
Андыктан адистер айткандай, алдыдагы айыл чарба сезону чоң көйгөйлөрсүз өтүшү керек. Суу боюнча мамлекеттер аралык координациялык комиссиянын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү адатта жылына эки жолу – жазында жана күзүндө – чөлкөмдөгү эки ири дарыянын бассейндеринен суу алуунун лимиттерин бекитүү үчүн чогулушат.
Өткөн жылы Амударыя жана Сырдарыя бассейндеринен сууну алуунун жалпы лимити сугат үчүн 51 миллиард 572,6 миллион метр куб суу көлөмүндө бекитилген.
Анын ичинен Амударыядан алынган суунун көлөмү 39 миллиард 677,6 миллион метр кубду, ал эми Сырдарыядан 11 миллиард 895 миллион кубометрди түзүүгө тийиш болчу.
Бирок иш жүзүндө Борбор Азия өлкөлөрү 2023-жылы 42 миллиард 997,1 миллион кубометр же лимиттин 83,37% пайдаланышкан.
Амударыядан суу алуу 33,2 миллиард, Сырдарыядан 9,807 миллиард кубометрди түздү.


















