Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Борбор Азия мамлекеттери 2026-жылга карата сууну бөлүштүрдү

  • Борбор Азия
  • 04.12.2025 11:35

Loading

2025-жылдын октябрынан 2026-жылдын октябрына чейин Өзбекстан Амударыядан Түркмөнстан менен бирдей көлөмдө суу алат жана Сырдарыядан эң чоң үлүшкө ээ болот.

2026-жылы Өзбекстан Амударыядан 22 млрд куб метр, Сырдарыядан 3,3 млрд куб метр суу алат. Бул тууралуу 2025-жылдын 13-ноябрында Ашхабадда өткөн Борбор Азиянын суу чарбасын координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын 91-жыйынынын жыйынтыгы жарыяланды.

Жыйында өлкөлөр 2025–2026-жылдардын вегетациялык мезгилинде суу ресурстарын пайдалануунун тартибин макулдашышты.

Тема боюнча

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026

Амударыя боюнча

Октябрь 2025 — Октябрь 2026 мезгилинде жалпы суу алуу лимити 55,4 млрд куб метр деп бекитилди. Анын 15,9 млрд куб метри октябрдан апрелге чейинки суук мезгилге туура келет.

Тажикстанга жылына 9,8 млрд куб метр, Түркмөнстан менен Өзбекстанга — ар бирине 22 млрд куб метрден бөлүндү. Агымдын негизги бөлүгү — 44 млрд куб метр — дарыянын төмөнкү агымын камсыздоочу Түркмөнстандагы Керки гидропостуна жетиши керек.

Арал деңизи жана Амударыя дельтасы үчүн өзүнчө көлөм — 4,2 млрд куб метр — каралган. Анын жарымы кыш жана эрте жаз мезгилинде жетет. Дашховуз, Хорезм областтары жана Каракалпакстандагы ирригациялык системалар үчүн санитардык-экологиялык агым дагы 800 млн куб метрди түзөт. Бул суу сактагычтардын экосистемаларын сактоо жана суу тартыштыгында жашаган Аралдын аймагындагы калкын колдоо үчүн маанилүү.

Сырдарыя боюнча

Вегетациялык мезгилде жалпы суу алуу лимити 4,219 млрд куб метрди түзөт. Анын ичинен:

Казакстан — 460 млн куб метр («Достук» каналы аркылуу);

Кыргызстан — 47 млн куб метр;

Тажикстан — 365 млн куб метр;

Өзбекстан — 3,347 млрд куб метр (эң чоң үлүш).

Бул көрсөткүчтөр божомолдонгон агымды, суу сактагычтардагы запастарды жана дарыянын экологиялык агымын сактоо зарылдыгын эске алуу менен эсептелген.

Суу сактагычтарда эмне болот?

Комиссия ири суу сактагычтардын иштөө режимин да бекитти.

Тажикстандагы Нурек суу сактагычы вегетациялык мезгилге болжол менен 10,5 млрд куб метр суу менен кирип, мезгил аягында 9,7 млрд куб метр менен чыгары күтүлүүдө.

Өзбекстан менен Түркмөнстандын чек арасындагы Туямуюн суу сактагычы 4,5 млрд куб метр менен башталып, жазга карата көлөмү 3,4 млрд куб метрге чейин төмөндөйт.

Эки гидроузел тең Амударыянын төмөнкү агымын камсыз кылуу үчүн Туркмөнстан жана Өзбекстандагы сугат муктаждыктарына жана дарыя жээгиндеги агымды сактоого пропорционалдуу түрдө суу берип турат.

Сырдарыя боюнча суу сактагычтар:

Токтогул (Кыргызстан), Андижан жана Чарвак (Өзбекстан) суу сактагычтарынын жалпы запасы сезон башында 10,6 млрд куб метрди түзөт — бул орточо деңгээлден бир аз төмөн.

Бахри Тожик (Тажикстан) — болжол менен 2,6 млрд куб метр;

Чардарин (Казакстан) — 1,65 млрд куб метр.

Кыш башында Сырдарыя бассейниндеги бардык суу сактагычтардагы жалпы көлөм 14,9 млрд куб метрге жакын болот — бул жылдык орточо деңгээлдин 90%ы.

Кийинки, 92-жыйын Душанбе шаарында өтөт. Анда өлкөлөр 2025–2026-жылдардагы вегетация мезгилинде суу лимиттеринин аткарылышын, суу сактагычтардын ишин талдап, климаттык чакырыктар күчөгөн шартта региондун суу коопсуздугун камсыздоо чараларын аныкташат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АмударыяаралБорбор Азиясуу бөлүштүрүүСырдарьяТоктогул суу сактагычы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

19.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

Кытай, Иран жана Борбор Азиянын кургактагы мейкиндиги

17.11.2026
Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

14.11.2026
Египет Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин катаалдатууда: туристтер эмнелерди билиши керек?

Египет Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин катаалдатууда: туристтер эмнелерди билиши керек?

24.10.2026
Лавров: Радикалдар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга жана Россияга коркунуч жаратууну көздөшүүдө

Лавров: Радикалдар Ооганстан аркылуу Борбор Азияга жана Россияга коркунуч жаратууну көздөшүүдө

16.10.2026
Борбор Азия жана Ак үйдүн табышмагы: АКШнын аракеттерине болгон ишенимди кайра карап чыгуу зарылдыгы 

Борбор Азия жана Ак үйдүн табышмагы: АКШнын аракеттерине болгон ишенимди кайра карап чыгуу зарылдыгы 

13.10.2026
Эксперт: Иран деңиз блокадасынын шартында КМШ өлкөлөрү менен сооданы кеңейтүүгө кызыкдар

Эксперт: Иран деңиз блокадасынын шартында КМШ өлкөлөрү менен сооданы кеңейтүүгө кызыкдар

09.10.2026
«Суунун тартыштыгы Борбордук Азиянын өнүгүүсүнө олуттуу чектөө болуп баратат» — Шавкат Мирзиёев

«Суунун тартыштыгы Борбордук Азиянын өнүгүүсүнө олуттуу чектөө болуп баратат» — Шавкат Мирзиёев

08.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.