Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Борбор Азия өлкөлөрү Россия менен кызматташуудан кандай пайда табышат? Эксперттин пикири

  • Борбор Азия, Интервью, Россия, ТОП жаңылыктар
  • 13.05.2025 11:13

Loading

Украинадагы чыр-чатактын уланышынын жана эл аралык чыңалуунун күчөшүнүн фонунда Россия барган сайын өзүнүн түштүк чек араларына активдүү көңүл бура баштады. Борбор Азия Москванын тышкы саясатынын башкы багыттарынын бири болуп калды. Жаңы ыкмалар, чакырыктар жана перспективалар жөнүндө тарых илимдеринин кандидаты, эксперт Канатбек Мурзахалилов “Караван инфо” агенттигине берген маегинде айтып берди.

– Канатбек Сайтмуратович, Украинадагы окуялардын фонунда Россиянын тышкы саясатындагы Борбор Азиянын орду кандай өзгөрүлдү?

– Бүгүнкү күндө Борбор Азия өзгөчө орунду ээлейт. Украинадагы жаңжалдын жана дүйнөлүк туруксуздуктун фонунда Москва аймактагы таасирин күчөтүүдө. Эгерде Крымдын жана төрт жаңы облустун Россияга биротоло кошулуусу ишке ашса, ал өлкөнүн стратегиялык приоритеттерин өзгөртөт.

Тема боюнча

Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

25.11.2026

Калкы 75 миллиондон жана жалпы ИДПсы 400 миллиард доллардан ашкан аймак маанилүү транспорттук жана экономикалык түйүнгө айланууда. 2022–2024-жылдары Россиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү болжол менен 30%га өстү, ал эми жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын саны 50дөн ашты. Мунун баары Борбор Азия Россия үчүн узак мөөнөттүү келечектеги негизги багыттардын бири болуп баратканын көрсөтүп турат.

– Кайсы өлкөлөр аймакка таасир этүү үчүн атаандашууда?

– Борбор Азия үчүн атаандаштык чындап эле күчөдү. Мисалы, Кытай «Бир алкак – бир жол» демилгесин активдүү түрдө алдыга жылдырып, инфраструктурага, транспортко жана энергетикага миллиарддаган доллар инвестиция салууда. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды.

АКШ «Борбор Азия + АКШ» форматы аркылуу реформаларды колдоп, альтернативдүү соода-транспорт коридорлорун түзүүдө.

Европа Биримдиги жашыл энергетиканы жана санариптик технологияларды өнүктүрүүгө басым жасоодо.

Түркия Түрк мамлекеттеринин уюму аркылуу өзүнүн катышуусун кеңейтип, экономикалык жана маданий байланыштарды активдүү бекемдөөдө.

Иран дагы Каспий багыты аркылуу логистикалык жана соода долбоорлорун алдыга жылдырып, активдүүлүгүн арттырууда.

– Россия өзүнүн Борбор Азиядагы позициясын кандай ыкмалар менен бекемдейт?

– Москва бир нече багыт боюнча иш алып барууда. Биринчиден, ЖККУ аркылуу аскердик-саясий кызматташтык. Үзгүлтүксүз биргелешкен машыгуулар («Бузулбас бир туугандык», «Чек ара»), курал-жарак жеткирүү жана улуттук абадан коргонуу системаларын интеграциялоо.

Мисалы, 2025-жылдын 27-апрелинде Кыргызстан Россиядан С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин алды – бул 2023-жылы башталган абадан коргонуунун бириккен системасынын бир бөлүгү болуп калды. Ушундай эле келишимдер Казакстан, Белоруссия жана Тажикстан менен да бар. Өткөн жылы Россия Тажикстанга сегиз С-300 установкасын өткөрүп берген. Ошондой эле Кыргызстанда Канттагы Россиянын авиабазасы ишин улантууда.

Экинчиден, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында экономикалык интеграция. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиянын ЕАЭБ менен товар жүгүртүүсү 16%га өстү.

Акырында, гуманитардык жана билим берүү жаатындагы кызматташтык узак мөөнөттүү байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү элементи болуп калууда.

– Билим берүү жаатында эмнелер болууда? 

– Россия Борбор Азияда өзүнүн билим берүү долбоорлорун активдүү өнүктүрүүдө.

Ош шаарында Россия мамлекеттик социалдык университетинин жана Кант шаарында Казан улуттук изилдөө технологиялык университетинин филиалдары иштейт. Бишкек шаарында Казан федералдык университетинин филиалын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Президенттер Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун демилгесинин алкагында, Кыргызстанда өзүнчө долбоор ишке ашырылууда: Бишкек жана Ош шаарларын кошо алганда, ар бир облустук борбордо тогуз заманбап орус тилдүү мектептерди куруу. Бул мектептерде окуу процесси россиялык жана кыргызстандык стандарттар боюнча жүргүзүлөт. Мындан тышкары, 1993-жылдан бери Бишкек шаарында Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети ийгиликтүү иштеп келет.

Өзбекстанда Россиянын жогорку окуу жайларынын 14 филиалы иштейт. 2024-жылы Казан федералдык университетинин Жызак шаарындагы жана Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин Ташкент шаарындагы филиалдарынын программалары кеңейтилди.

Казакстанда ММУнун, Москва авиациялык институтунун, «МИФИ» улуттук изилдөө ядролук университетинин, ошондой эле И.М.Губкин атындагы Россия мунай жана газ университетинин Атырау шаарындагы филиалы (2023-жылдын сентябрь айында ачылган) активдүү иштейт.

Тажикстанда Ломоносов атындагы ММУнун, «МИСиС» улуттук изилдөө технологиялык университетинин, «МЭИ» улуттук изилдөө университетинин жана Россия-Тажик славян университетинин филиалдары ийгиликтүү иштеп жатат.

Түркмөнстанда Ашхабад шаарында 2023-жылы Россия-Түркмөн университетинин курулушу башталды.

– Бул кызматташтыкта Кыргызстан өзүнүн позициясын кантип бекемдейт?

– Кыргызстан Борбор Азиядагы Россиянын эң ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. С-300дү алуу, биргелешкен машыгууларга катышуу, Канттагы авиабазанын иштеши – мунун баары өлкөнүн коопсуздугун күчөтөт.

Кыргызстандын президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилиги Россия менен экономикалык, гуманитардык жана аскердик кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдалануу менен бирге Кытай, Түркия, ЕБ, АКШ жана араб дүйнөсү менен да мамиле курууну улантып жатат.

– Борбор Азия өлкөлөрү Россия менен кызматташуудан кандай пайда табышат?

– Бул, биринчи кезекте, инфраструктураны, энергетиканы жана транспортту модернизациялоо.

Билим берүү программаларына катышуу дагы чоң

мааниге ээ. Акыркы маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Россиянын жогорку окуу жайларында Борбор Азия өлкөлөрүнөн 185 миңге жакын студент билим алат, алардын 68 миңге жакыны бюджеттик негизде окушат. Мында сөз окуу акысын төлөө жөнүндө гана болуп жаткан жок, анын ичине жатакана акысы жана стипендия төлөө да кирет. Көрсөтүлгөн жардамдын көлөмүн эске алсак, аймактан келген студенттерди колдоонун жалпы көлөмү абдан чоң сумманы түзөт деп айтууга болот.

Мындан тышкары, «Түндүк – Түштүк» транспорттук коридору сыяктуу биргелешкен долбоорлор сооданы жана логистиканы өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

– Ирандын аймактагы жана Россия менен кызматташуудагы ролу кандай?

– Ирандын ролу бүгүнкү күндө байкалаарлык түрдө күч алууда. Тегеран Россияны, Иранды жана Индияны Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстан аркылуу байланыштырган «Түндүк – Түштүк» эл аралык транспорттук коридорун активдүү өнүктүрүп жатат.

Иран Каспийде жаңы портторду куруп, транспорттук каттамдарды бекемдеп, Борбор Азия өлкөлөрү менен сооданы кеңейтүүдө.

2022–2024-жылдары Ирандын Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен товар жүгүртүү көлөмү кыйла өстү.

Россия үчүн бул кызматташтык логистикалык агымдарды диверсификациялоонун жана батыш санкцияларынан көз карандылыкты азайтуунун маанилүү элементине айланды.

– Сиздин көз карашыңызда Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилеси жакынкы жылдары кандай өнүгөт?

– Келечекте кызматташтык кеңейе берет окшойт. Москва транспорттук жана энергетикалык долбоорлорго активдүү инвестиция салууну, санариптик экономиканы өнүктүрүүнү, илимди жана билим берүүнү колдоону пландаштырууда. Аймактагы өлкөлөр Россия, Кытай, АКШ, Европа жана Түркиянын ортосундагы күчөгөн атаандаштыктын шартында саясий көз карандысыздыгын сактоо менен бирге, экономикасын модернизациялоо үчүн бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракет кылышат.

Жалпысынан, Борбордук Азия Россия үчүн коопсуздук кызыкчылыктары жана экономикалык перспективалар топтолгон маанилүү аймак бойдон кала берет.

– Маегиңиз үчүн рахмат, Канатбек Сайтмуратович!

– Сиздерге да кызыктуу суроолор үчүн рахмат. Аймак өзгөрүүнүң маанилүү этабында турат, ушул учурда даанышмандык менен чечимдер кабыл алынса, ал көп жагынан Борбор Азиянын келечеги кандай болоорун аныктайт.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Борбор АзияКанатбек МурзахалиловРоссияэксперт
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Башкыртстанда кылмыштуу курьердик кызматтын сегиз мүчөсү кармалды

Башкыртстанда кылмыштуу курьердик кызматтын сегиз мүчөсү кармалды

25.11.2026
Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

Путин: Россия энергетикалык ресурстарын сатуу рынокторун кеңейтүүнү улантат

25.11.2026
Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы тыгындар: тараптар кандай себептерди аташууда?

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы тыгындар: тараптар кандай себептерди аташууда?

23.11.2026
«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

«Чоң үчтүктүн» саммитиндеги Иран маселеси: кызыкчылыктар жана пикир келишпестиктер

23.11.2026
Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

21.11.2026
Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

19.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
222 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.