25-сентябрда борбор калаа муниципалитетинде ЭКО таксилеринин биринчи партиясы Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго сунушталды.
Белгилей кетсек, «Муниципалдык ЭКО ТАКСИ» айдоочулар үчүн жеңилдиктерди берет:
– «Муниципалдык экотранспорт» үчүн атайын бөлүнгөн сары тилкеде электр транспортун башкарууга лицензия алуу.
– Айдоочулардын электромобилдерди лизингге алуу мүмкүнчүлүгү бар.
– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматына отчетту автоматтык түрдө берүү менен акча табуунун туруктуу мыйзамдуу жолу.
– атайын белгиленген муниципалдык электр кубаттоочу станцияларда атайын тариф менен кубаттоо мүмкүнчүлүгү.
– Бардык социалдык пакет.
Ошентип, долбоор бишкектиктердин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.
Муниципалдык ECO TAXI долбоору тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн https://etaxi.kg/ шилтемесине өтсөңүз болот.