ШУМДУК ЖАҢЫЛЫК! ОТУЗ ЖЫЛДА МЫНДАЙ БОЛГОН ЭМЕС!
Дээрлик 20 жыл бою борбордогу бир муниципалдык мектеп менен ата-эне катары тыгыз катышым бар. Кызым бүтүп кеткен мектепке уулум кирип, быйыл буюрса бүтүрөбүз.
20 жыл бою мектептин атайын фондуна ай сайын акча төгүп, ата-энелер комитети класстык фондго өзүнчө сумма жыйнап, кароолчулукка өзүнчө сумма төгүп келгенибиз айныгыс ФАКТ эле. Эчен жыл бою ушундай каражаттар тууралуу нааразылыктар болуп, далай жолу фейсбукта кыжылдашканбыз. Мен өзүм да андайдын далайына катышып, моюнга алыш керек, мектепке анча-мынча акча бергенди туура көргөн пикирди айтчумун. Убагында далай Билим берүү министрлери акча жыйноого тыюу салган оголе көп буйруктарды чыгарышкан. Бир дагы мектеп аларды чымын конгондой көрчү эмес! Акчалар жыйнала берчү, буйруктар унутулуп кала берчү.
Быйыл Президент Садыр Жапаров ушул боюнча атайын жарлык чыгарды. Аны билдик дечи, бирок мектеп администрациясы жаңы окуу жылында ага кандай мамиле кылаары мага кызык болду. Себеби окуу башталаары менен ата-энелер комитети шыпылдап иштеп, “баланча суммадан чогулталы, антпесек жетпейт, балдарыбыз үчүн аябайлы” деп эчак кулак-мээни жеп телефон чалып, ватсаптан тындырбай жазып турушмак. Класс жетекчилер мектеп фондунун банк эсебин шыпылдата жазып, “быйыл айына мынча сом, которо бергиле” деп ал бир жактан нервди жей баштайт эле. Башканы билбейм, окуу башталганда мен бир белгилүү сумманы дайыма кармап турчумун. Баары бир төгө турган болгон соң, эрте кутулган жакшы эмеспи. Эң эле жаманы, ай жаңырган сайын ата-энелер комитети, класс жетекчи да ватсаптан күндүр-түндүр жазып, “баланча акча төгө элек, батыраак төккүлө ” деп турат. Жаман-жакшы айтышкандар болот. Ошентип, майдын аягында окуу бүткөндө “өххх…” дей түшчү элек.
Эми быйыл эмне болот экен деп күтүп турдум. Ой шумдук, ата-энелер өздөрү көнүп калыптыр, “акчаны кайда төгөлү, эртерээк айткыла” деп бирөө жазып калды. Класс жетекчи үн катпады.
Бүгүн түштөн кийин ватсапка класс жетекчи мектеп директорунун бир жарым барактык буйругун салды. Окусам, отуз жылдап акча жыйнап келген баягы фонд ишин токтотуптур эй! Ишенесиңерби?! Мен ишенбей кайра-кайра окудум! Жыйырма жылдан бери акча төгүп келсең, кантип ишенесиң… Андан ары дегеле акча чогултуу, ата-энелер комитети да акча чогултпасын, кимдер акча жыйноого аракет кылса катуу жазага, иштен бошотууга чейин барабыз дептир.
Мына, отуз жылда мындай болгон эмес деп ушундайды айтса болот эй!
Аскер Сакыбаева,
(маалымат автордун Фейсбуктагы барагынан алынды).