Алдыдагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Бишкектеги саммити лидерлердин жолугушуусунан алда канча чоң мааниге ээ. Уюм акырындык менен өзүнүн мурдагы мүнөзүн өзгөртүп, жамааттык коопсуздук механизминен Евразиядагы экономикалык, транспорттук, энергетикалык жана саясий байланыштарды күчөтүүчү аянтчага айланып баратат.
Эске сала кетсек, 2026-жылдын 31-августунан 1-сентябрына чейин Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин 25-юбилейлик саммити өтөт. Негизги иш-чаралар 30-августтан тарта башталат. Иш-чара ШКУнун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналат жана «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге карай» деген ураандын алдында өтөт.
Негизги тенденция – экономика менен коопсуздуктун ортосундагы эски бөлүнүүнүн жоголушу. Темир жолдор, энергетикалык системалар, порттор, санариптик тармактар жана соода коридорлору бир эле учурда экономикалык өнүгүүнүн жана стратегиялык коопсуздуктун объектилерине айланууда.
Кыргызстан үчүн Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу абдан маанилүү. Бул темир жол өлкөнү перифериялык мамлекеттен Борбор Азиядагы маанилүү транзиттик түйүнгө айландырууга мүмкүнчүлүк берет.
Каспий деңизи жана Азербайжан аркылуу Кавказга, Түркияга жана Европага чыгууга жол ачылат. Ал эми Иран аркылуу Жакынкы Чыгышка (Батыш Азияга) багыт алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.
Мекке фактору
Ушул жагдайда Түркия, Пакистан жана Сауд Арабиясынын ортосунда түзүлгөн Мекке келишими өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Азырынча анын стратегиялык багыты белгисиз бойдон калууда. Дал ушул жагдай анын негизги өзгөчөлүгү болуп саналат. Келишим келечектеги ислам дүйнөсүнүн кызматташтыгы үчүн белгилүү бир инфраструктураны түзүп жатат, бирок акыркы каршылашты аныктаган жок.
Бул жерде маанилүү бир жагдайды баса белгилөө зарыл: Мекке келишимин автоматтык түрдө Иранга каршы багытталган долбоор катары кароого болбойт. Албетте, келишимге катышкан мамлекеттер менен Ирандын ортосунда белгилүү бир карама-каршылыктар бар. Бирок азыркы учурдагы келишимдин логикасы ислам дүйнөсүндө өз алдынча коопсуздук борборун түзүүгө болгон аракетке көбүрөөк окшош.
Эгер Иран негизги каршылаш катары каралган болсо, анда келишимдин стратегиялык максаты кыйла ачык жана түшүнүктүү болмок. Ошондуктан негизги суроо башка жерде турат: жаңы форматтын узак мөөнөттүү архитектурасын ким түзүп жатат — ислам дүйнөсүнүн өзүндөгү лидерлерби же тышкы күч борборлорубу?
Бул жерде америкалык жана британиялык варианттарды кароого болот. Бирок азырынча Лондон же Вашингтон бул келишимдин түздөн-түз артында турат деп айтууга жетиштүү негиз жок. Көбүрөөк ыктымал болгон сценарий — ар кандай күч борборлору пайда болуп жаткан белгисиздикти өз кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылышы мүмкүн.
Ыктымал бурулуш
Эгер Жакынкы Чыгыштагы америкалык коопсуздук модели бара-бара алсырай берсе, ал эми аймакты кайра түзүүгө багытталган буга чейинки долбоорлор, анын ичинде «Авраам келишимдери» жана күрт долбоорунун ар кандай варианттары күтүлгөн натыйжаны бербесе, анда пайда болгон боштукту ислам дүйнөсүнүн өз алдынча консолидациясы толтурушу мүмкүн.
Мындай учурда принципиалдуу маанилүү суроо жаралат: бул консолидация кайсы багытка бурулат?
Мүмкүн болгон негизги түрткүлөрдүн бири уйгур маселеси болушу мүмкүн. Эгер уйгур маселеси Кытайдын ички саясий маселеси катары гана эмес, жалпы ислам дүйнөсүнүн жана түрк тилдүү элдердин тилектештигинин маселеси катары карала баштаса, анда жаңы геосаясий линия пайда болушу мүмкүн: Мекке форматы → ислам дүйнөсүнүн консолидациясы → түрк факторунун күчөшү → уйгур маселесинин эл аралык деңгээлге чыгышы → Кытайга басымдын күчөшү.
Бирок азырынча бул даяр план эмес, стратегиялык тобокелдиктин мүмкүн болгон сценарийи гана. Анын үстүнө Пакистан Кытайдын стратегиялык өнөктөшү бойдон калууда. Ошол эле учурда Сауд Арабиясы менен Түркиянын да Пекин менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкчылыгы чоң.
Демек, бул мамлекеттердин Кытайга каршы түз жана ачык багытта биригиши алардын өз экономикалык жана стратегиялык кызыкчылыктарына да каршы келиши мүмкүн.
Борбор Азия — негизги мейкиндик
Натыйжада Борбор Азия бир нече калыптанып жаткан системалардын ортосунда калууда.
- Кытай — ШКУ — Евразиялык инфраструктура;
- Россия — евразиялык коопсуздук мейкиндиги;
- Түркия — түрк дүйнөсү;
- Мекке — калыптанып жаткан исламдык коопсуздук борбору;
- Каспий — Азербайжан — Түркия — Европа.
Дал ушул себептен Борбор Азия перифериялык аймак эмес, аталган геосаясий долбоорлордун жана күч борборлорунун кесилишкен негизги мейкиндигине айланышы мүмкүн. Кыргызстан үчүн негизги милдет — бул процесстердин ортосундагы тең салмакты сактоо жана Жакынкы Чыгыштагы тирешүүнүн Борбор Азияга көчүп келишине жол бербөө.
Жыйынтык
ШКУ коопсуздук менен экономикалык өз ара көз карандылыкты айкалыштырып, Евразиядагы туруктуулукту сактоочу өзгөчө бир механизмге айланып баратат. Ал эми Мекке келишими азырынча ачык долбоор бойдон калууда. Анын келечектеги багыты ислам дүйнөсүндөгү ички процесстерге жана глобалдык күчтөрдүн атаандаштыгына жараша аныкталат.
Алдыдагы жылдардын негизги интригасы ШКУ менен Мекке келишиминин ортосундагы тирешүү эмес, Борбордук Азиянын өнүгүү багыты үчүн күрөш.
Эгер ислам дүйнөсүнүн консолидациясы өз алдынча региондук долбоор катары калыптанса, ал көп уюлдуу дүйнөнүн жаңы борборлорунун бирине айланышы мүмкүн. Ал эми уйгур маселеси жалпы ислам дүйнөсүнүн маселесине айландырылса, анда бул процесстин бара-бара Кытайга каршы багыт алышы ыктымал.
Мындай учурда Бишкек жаңы геосаясий үч бурчтуктун так борборунда калышы мүмкүн: Кытай — Борбор Азия — ислам дүйнөсү.
Дал ушул себептен алдыдагы ШКУ саммити Кыргызстан үчүн жөн гана дипломатиялык иш-чара эмес, узак мөөнөттүү стратегиялык мааниге ээ болгон окуя болуп саналат.
Автор: Марс Сариев, саясат таануучу, аймактык коопсуздук боюнча эксперт




















