“Белужистандын боштондук армиясы” экстремисттик тобунун согушкерлери Пакистанда поездде 450 жүргүнчүнү барымтага алды. Бул тууралуу Белужистан провинциясынын темир жол мекемесинин жооптуу кызматкери Мухаммад Кашиф “Agence France-Presse” агенттигине билдирди.
«Поезддеги 450дөн ашык жүргүнчү согушкерлердин колунда барымтада», — деп агенттик анын сөзүн келтирди.
Поезд кечээ күндүз Кветтадан (Белужистан провинциясынын борбору) Пешаварга (Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору) бара жатканда барымтага алынган.
“Geo TV” телеканалынын маалыматына караганда, экстремисттер темир жолду жардырып, андан соң поездге ок чыгарышкан. Поезддин машинисти жаракат алган. Кол салуу учурунда поезддин коопсуздук кызматкерлери менен согушкерлердин ортосунда катуу атышуу болгон.
Бир нече сааттан соң Пакистандын коопсуздук күчтөрү экстремисттер тарабынан барымтага алынган поезддеги 450 жүргүнчүнүн кеминде 104үн бошоткону маалымдалды. Маалыматка караганда, бошотулгандардын арасында 15 бала жана 31 аял бар.
Барымтадагыларды куткаруу операциясы уланууда жана ал жердин рельефинин шартына байланыштуу татаалдашып жатат. Коопсуздук күчтөрү экстремисттер кармаган жарандарга зыян келтирбөө үчүн “өтө этияттык менен” иш кылууда. Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө кол салууга катышкан 16 согушкер жок кылынды.
“Белужистандын боштондук армиясы” 1970-жылдардын башында түзүлгөн. Белужистандын көз карандысыздыгын таанууну талап кылган жана аймактын ресурстарына толук көзөмөл жүргүзүүнү талап кылган козголоңчу уюм. Ал бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде АКШ, Британия жана Евробиримдикте террордук топ катары таанылган.
Өткөн жылы “Белужистандын боштондук армиясы” согушчандары провинцияда бир катар адам өмүрүн алган жардырууларды жасашкан.
Былтыр ноябрда Кветта темир жол станциясында поездди жардырууда ондогон адамдар өлүп, ондогон адамдар жарадар болгон.




















