Бир жыл ичинде Орусиядан эки миллиондон ашык мигрант чыгып кеткенин РФ Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгы билдирди.
2024-жылдын сентябрынын башына карата расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 6,2 миллион чет элдик жаран катталган. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 8,5 миллион адамды түзгөн.
Агенттик учурда өлкөдө 6,17 миллион чет элдик жаран катталганын билдирди.
Орусиядагы адам укуктары боюнча комиссары Татьяна Москалькова июнь айынын аягында билдиргендей, 2023-жылы Орусияда 8,5 миллиондон ашык адам миграциялык максатта катталган.
«Негизи КМШга мүчө мамлекеттердин жарандары биздин өлкөдө иштешет. 2023-жылы биздин аймакка 9,9 миллион адам көчүп келген. Алардын 8,5и миллиону миграциялык каттоого алынган», – деди Москалькова.
Буга чейин ММКлар быйылкы жылдын жети айында Орусиядан депортацияланган чет элдик жарандардын саны 50%дан ашык өскөнүн жазган.



















