Иран Париждеги Олимпиада оюндарында азырынча бир алтын, эки коло медаль утту. Ирандык спортчулардын алдыда дагы мелдештери бар.
Ирандан Олимп оюндарына жалпы 40 спортчу барган.
Мохаммадхади Сарави 7-августта грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта Армениянын балбаны Артур Алексанянды 4:1 эсебинде жеңди.

Ал эки жолку Олимп оюндарында медаль утту. Ал өткөн Токио Олимпиадасында коло медалдын ээси болгон эле.
Ошол эле күнү кыз-келиндер арасында таэквондо боюнча 49 кг салмак даражада 19 жаштагы Мобина Нематзаде коло медалга ээ болду. Ал Сауд Аравиянын өкүлү Дунья Абуталебди жеңип алды.

Буга чейин грек-рим күрөшүнөн 130 килограмм салмактагы Амин Мирзазаде коло медаль тагынган. Ал азербайджандык балбан Сабах Шариатини 4:0 эсеби менен утуп алган.

Ошентип Ирандын курамасы Олимпиада оюндарынын акыркы 12 күндөгү жыйынтыгы менен медалдардын саны боюнча 1 алтын жана 2 коло медаль менен 43-орунга чыкты.

















