Беларусь президенти Александр Лукашенко Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттин статусун алуу үчүн республиканын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Документ Улуттук укуктук интернет-порталда жарыяланганын ТАСС агенттиги жазды.
“2023-жылдын 4-июлунда Нью-Делиде кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттин статусун алуу үчүн Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандум ратификациялансын”, – деп айтылат Лукашенко кол койгон мыйзамда.
Мыйзам Беларусь Республикасынын Министрлер Кеңешине меморандумга Беларусь Республикасынын катышуусун жол-жоболоштуруу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүнү тапшырат. Мыйзамды Беларусь парламенти 2023-жылдын ноябрында кабыл алган.
Меморандум Минскти Шанхай Кызматташтык Уюмунун Уставында жазылган максаттарды жана принциптерди, ШКУга мүчө-мамлекеттердин узак мөөнөттүү жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин жоболорун, ошондой эле уюмдун чегинде кабыл алынган башка эл аралык келишимдер жана документтерди сактоого милдеттендирет.
Ушул жылдын июль айында ШКУнун саммитинин алкагында Беларусь уюмга толук кандуу мүчө мамлекет катары кирүү үчүн милдеттенмелер боюнча меморандумга кол койгон. Индиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Винай Кватра саммиттин жыйынтыгында азырынча байкоочу болгон Беларусь 2024-жылы өтө турган саммитте Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө катары кирерин билдирген.
Учурда ШКУга Россия, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. 2015-жылдан бери уюмда байкоочу статусуна ээ болгон Беларусту уюмга кабыл алуу процедурасы 2022-жылы ШКУнун Самарканддагы саммитинде башталган. 2023-жылдын июль айында Нью-Делиде өткөн жыйында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Беларустун бирикмеге кирүү боюнча милдеттенмелери боюнча меморандумга кол коюшкан. Минсктин ШКУга кирүү процесси уюмдун 2024-жылы Астанада өтүшү пландалган кезектеги саммитине чейин аяктаары күтүлүүдө.

















