Германиянын Берлин шаарында 26-апрелде белгилүү режиссер Руслан Акундун Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Египет жана Меккеде тартылган”Бейиш эненин таманында” тасмасы Берлинде көрсөтүлдү көрсөтүлдү. Көрсөтүү Германиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен уюштурулду.
Кыргызстандын германиядагы элчилигинен билдиришкендей, кеченин башында элчи Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, иш-чаранын уюштуруучуларына Берлинде фильмдин премьерасын көрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал ошондой эле тасма эненин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчү жөнүндө баян экенин, анда балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамиленин актуалдуу маселелери козголуп, бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жатканын белгиледи.
2024-жылдын 12-майында аталган тасма Франкфурт-на-Майне шаарында да көрсөтүлөт.
Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тарта аталган тасма бүткүл Россияда кеңири прокатка чыккан.
Маданият министрлигинен билдиргендей, тасма Голливуд жылдыздарынын үнү менен орус тилине дубляждалган. Тасма психикалык өнүгүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган өзгөчө инсан 35 жаштагы Адилдин 75 жаштагы апасы Райхан апанын айылдагы жашоосун, эне-баланын укмуштуу окуялар менен коштолгон Меккеге болгон сапарын баяндайт.
Тасма Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Меккеде тартылган. Казакстанда 21-мартта көрсөтүлө баштап, бир жумада бир миллион доллар суммасында билет сатылып, Голливуд тасмаларынан да алдыга чыгып кеткен.
Аталган тасманы тарткан Руслан Акун «Салам, Нью-Йорк», «В поисках мамы», «Көк-Бөрү», «Акыркы сабак», «Агай», «Салам, Европа!» аттуу тасмалары менен да белгилүү.



















