Кургак учук аба аркылуу жугуучу жугуштуу оорулардын катарына кирет. Оорунун негизги булагы болуп, өпкөнүн кургак учугу менен ооруган адам саналат. Өлкөдө дал ушул ооруга кабылгандарга көмөк көрсөткөн бир катар долбоорлор бар.
Жакында Баткен районунун Бужум айылында ЮСАИДдин “Кургак учук менен ооругандарды колдоо” долбоорунун спикерлери тарабынан жергиликтүү жашоочуларга оору тууралуу маалымат берилип, алдын алуу жолдору түшүндүрүлдү. Мындан сырткары кургак учукка кабылган бейтаптарга колдоо көрсөтүү, акысыз дарылануу, туура тамактануу жөнүндө кенен маалымат берилди.
Анда медицинага ылайык келбеген түшүнүктөрдү жокко чыгарышып, татаал дарылоодон өткөн бейтаптарды колдоонун маанилүүлүгү жөнүндө баса белгиленди. Бул жолугушуулар кургак учук менен ооруган адамдарга карата стигманы жана басмырлоону азайтууга жардам берүү максатын көздөйт.
ЖЫЛДЫЗ ТАГАЕВА – Баткен районунун “кургак учук менен ооругандарды колдоо” долбоорунун спикери:
“Биз 2023-жылдын февраль айынан тартып аталган долбоор менен иш алып барабыз. Биздин милдет кургак учук менен ооруган жарандарга жардам көрсөтүү айыл өкмөт тарабынан, ошондой эле айылдык ден соолук комитеттери менен биргеликте маалымат берүүнү жогорулатуу болуп саналат. Эң башкысы жергиликтүү жарандарга кургак учук айыга турганын жайылтуу, ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүү болуп саналат”.
Аталган долбоор 2020-жылдан баштап Нарын жана Жалал-Абад облустарында “ДООР” коомдук фонду тарабынан Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай коому менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда. 2023-жылдан баштап Баткен жана Ош облустарында да иштей баштаган.
Долбоор кургак учукка каршы күрөшүүнүн улуттук программаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт жана кургак учуктан жабыркаган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүүгө жергиликтүү жамааттарды тартууга өбөлгө болуп келет.
ТАЗАБЕК МАТУРАИМОВ – Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары:
“Кургак учук боюнча медицина кызматкерлери менен катар “Доор ” коомдук фонду тарабынан да үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Мындан тышкары арыз менен кайрылган бейтаптарга медициналык уюмга жеткирүүгө жана кайра келүүгө кеткен чыгымдарды жабуу, накталай акча түрүндө материалдык жардам алуу, азык-түлүк топтому, көмүр ж. б.менен колдоо көрсөтүп келебиз”.
Долбоордун спикерлери жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүдөн тышкары, кургак учук менен ооруган адамдардын туугандары, кошуналары, тааныштары менен иштешет. Оорунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришет. Жыйынтыгында кургак учукка кабылган бейтаптарга материалдык жактан колдоо көрсөткөн ыктыярчылар пайда болгон.
КАЛЧА МАВЛЯНОВА – Бужум айылынын тургуну:
“Ушул “Доор” медиа долбоорунун спикерлери келип, окутууларды, семинарларды өтүп кеткенден кийин жеке менин үй-бүлөмдүн атынан ак ниетим менен эле бир кургак учук менен ооруган айымга азык-түлүктөн жардам көрсөтүп келем”.
Жолугуушунун соңунда “Кургак учук менен ооругандарды колдоо” долбоорунун спикери аталган дарттан айыгуу ооруган адамдан көз каранды экенин эскертти. Эгер бейтап өз убагында дарыгерге кайрылып, мөөнөтүндө дарыланууну баштаса, кыска убакытта сакаярын кошумчалады.























