Жалал-Абад шаарындагы «Барселона» футболдук академиясы 6 жаштан 12 жашка чейинки балдарды кабыл ала баштады.
Бул тууралуу академиянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, академияга 13 жаштан 18 жашка чейинки оюнчуларды тандалып алынат. Балдарды жана оюнчуларды кабыл алуу ушул жылдын 15-сентябрында академиянын имаратында өтөт.
Жаш футболчуларга испаниялык машыктыруучулар менен футболдун каталондук ыкмасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Андан тышкары, анда машыккандар эл аралык мектепте билим алууга мүмкүнчүлүк алышат, ал жерде балдар европалык окутуу системасы боюнча билим алышат.
Академияга кабыл алуунун башка шарттары менен жеринде таанышсаңыз болот:
Катталуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу өтсөңүз болот: https://shorturl.at/rDESY
Кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш номерлары: +996503440550, +996550045350, +996707 723 700
Дареги: Жалал-Абад шаары, Каныбек Ташиев көчөсү – 1.
Сайт: https://barcaacademy.kg/
Кошумалай кетсек, 2023-жылдын 29-августунда Жалал-Абад шаарында “Барселонанын” академиясы ачылып, ага каталондук клубдун легендалары, президенти Жоан Лапорта жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышкан.