Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары менен Борбор Азиянын легендаларынын жолдоштук беттеши болуп өттү.
Оюн “Барселона” командасынын жеңиши менен аяктады.
Биринчи таймдын 26-минутасында “Барселона” командасынын футболчусу Ривалдо атаандаш команданын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты.
Андан соң 37-минутада кайрадан испаниялык команданын оюнчусу Хуан Пабло Сорин экинчи голду киргизди.
Үчүнчү голду экинчи таймдын акыркы минуталарында Хавьер Савиола киргизди.
Азия командасынын курамында ойногон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жолдоштук беттештин биринчи таймында ойноду.
Эске салсак, “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана каталониялык команданын экс-оюнчулары 28-августта аталган клубдун Жалал-Абаддагы футбол академиясынын ачылышына, ошондой Бишкекте Барселона академиясынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышуу үчүн учуп келишкен.
29-августта Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясы ачылган.
Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарында испаниялык клубдун академиясынын курулушуна капсула салынды.