Эртең, 29-августа, Жалал-Абад шаарында Барселона легендаларынын катышуусунда көргөзмө оюн өтөт. Бул тууралуу Eurasia Today сайтына мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Кабылбек Көчкөнбаев билдирди.
Анын айтымында, көргөзмө оюн саат 17:00дө Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда өтөт. Оюнга кирүү үчүн билеттер 2 миң сомдон сатылууда.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Кыргызстанга август айынын аягында «Барселона» футбол клубунун легендарлуу оюнчулары келээри айтылган. Пландалгандай, бүгүн аталган клубдун легендарлуу экс-капитаны Карлес Пуйоль Бишкекке келди.
Ал эми, 30-августта Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо «Барсанын легендалары» командасы менен «Азия Легендалары» командасы беттешет. Оюнга «Барселонанын» мурдагы оюнчулары Жулиано Беллетти, Лодовик Жули, Рональд де Бур, Сержи Бархуан, Джовани да Силва, Хуан Карлос Родригес жана Хуан Антонио Гойкоэчеа катышаары кабарланган.
«Барселона» футбол клубунун Кыргызстанга келиши канча чыгымды чапчыды, аны ким каржылады деген суроолорго ачык жооп айтыла элек. Бирок «Клооп» редакциясы «Барса», Росатом жана Ташиев. УКМК төрагасынын футболду жайылтуудагы өнөктөшү ким? деген иликтөө макаласын чыгарды.