Кыргызстандын курал-жарак жана аскердик техниканы оңдоочу борбордук базасында биринчи ата мекендик “ГАЗ-66М” брондолгон унааны чогултуу башталды. Бул тууралуу Коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйынында билдирди.
“Курулушу эки жыл мурда башталган бул базанын иштеп кетишине көбү ишенген эмес. Ал эми бүгүнкү күндө база толук өндүрүштүк кубаттуулукка жетип, өлкөнүн өнүгүп келе жаткан биринчи аскердик-өнөр жай комплекси болуп калгандыгы реалдуу факт”, – деди ал.
Эске салсак, курал-жарак жана аскердик техниканы оңдоочу борбордук базасы 2022-жылдын октябрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ачылган.



















