Тажикстанда жаңы коргоо министри дайындалды.
Коргоо министрлигин Эмомали Собирзода жетектейт. Буга чейин ал коргоо министринин биринчи орун басары болгон.
Жарлыкка өлкө президенти Эмомали Рахмон кол койгонун анын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Тажикстандын Коргоо министрлигинин башчысы кызматын Шерали Мирзо ээлеп келген — ал бул кызматты 2013-жылдан бери аркалап келген.
Эми Рахмон кол койгон өкмөттүн токтомуна ылайык, Шерали Мирзо Тажикстан өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сырларды коргоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Коргоо министринин биринчи орун басары, Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Бобожон Саидзода болуп калды.
Шерали Мирзо 58 жашта. Пермь жогорку аскер академиясынын бүтүрүүчүсү 1989-жылдын июнь айында эмгек жолун баштаган. 1994-жылдын июнь айына чейин СССРдин жана Россиянын Куралдуу Күчтөрүндө ар кандай офицердик кызматтарда кызмат өтөгөн.
Кийин Тажикстандын кургактагы аскерлеринин аткычтар бригадасынын командири, республиканын Куралдуу күчтөрүнүн тез жардам бригадасынын командири болгон.
2004-жылы Фрунзе атындагы Аскердик окуу жайын аяктаган. Андан кийин өлкөнүн Коргоо министринин орун басары – Кургактагы күчтөрүнүн командачысы, 2006-жылдан тарта Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара аскерлеринин командачысы кызматтарын аркалаган.



















