Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бодо, майда малдарды союучу жана этин кайра иштетүүчү ири эт комбинаттын курулушу аяктап, ишке киргени турат. Бул тууралуу “Балыкчы пресс” маалымат агенттиги жазды.
Ишканага заманбап, жаңы жабдууларды орнотуу иштери соңуна чыгып, бир-эки ай аралыгында ишин баштаганы жатат.
Маалыматта ишкана аймактын экономикасын өнүктүрүү менен бирге жарандардын жашоосун жакшы нукка бурары белгиленет.
Өлкөдө көп сандагы мал баккан жарандар арбын. Фермерлер малын сата албай, базарда арзыбаган акчага карматкан учурлар көп кездешет. Көпчүлүк эл малды той жана тажияларга эле алышат, ошондуктан фермерлер мал-жандыктарын кайда өткөрөөрүн билбей айласы кетет. Бул жагдайды туура баамдаган ишкер Марат Зарыпбек уулу фермерлерге көмөктөшүп, малды жакшы баада алып, этин кайра иштетип, башка мамлекеттерге сатуу үчүн чоң, заманбап эт комбинатын курууну чечкен.
Комбинат эт жана эт азыктарын кайра иштетүү менен калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтүп, эл аралык ветеринардык, санитардык стандарттарга жооп берген, азык-түлүк коопсуздугу эске алынган эт продукцияларын өндүрүп, экспортко чыгарууну көздөйт.
Комбинаттын кубаттуулугу жылына 7000 тонна эт өндүрө алат, 50дөн 150гө чейин жумушчу орундары түзүлөт. Күнүнө 100-150 баш ийри мүйүздүү, 1500-2000 баш кичи мүйүздүү мал союу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Комбинатта автоматташтырылган жабдуулар коюлган, ишкананын жетекчилиги жумушчулар кыйналбай турганын, көбүнесе роботтоштурулган технология менен иш алып барылаарын белгилейт.
Ишкана ишин адегенде мал союдан баштайт. Кийинки кадамдар суроо-талапка жараша болот, муздатылган эт өндүрүп, вакуумдук таңгакта ташууга болот. Кардарларга баарын: чийки сүрсүтүлгөн эт, колбаса, чала фабрикаттарды сунуштоого даяр. Ал тургай, устукандап да бере алышат.
Кайрылган кардардын малы алгач таразага тартылып, союлган жандыктын бардык бөлүктөрү эсептелип, ар биринин салмагы компьютерден чыгарылып берилет. Алдыда өздүк лабораториядан малдын этин дыкат текшерүүдөн өткөрүп, мектеп, бала бакча, соода тармактарын, тойканаларды таза, адал эт менен камсыз кылууну максат кылышууда.
Комбинатта “Rovani” италиялык компаниясынын атайын мал союучу линиялары орнотулуп, ичеги карындарды, баш-шыйрактарды кайра иштетүү, стейк эттерин даярдоо, устукандоо жана муздаткыч, тоңдургуч цехтери иштейт. Мындан сырткары, колбаса, чүчвара жана башка чала фабрикат цехтерин ишке киргизүү пландалган. Ошондой эле, келечекте эт комбинат жайгашкан жер тилкенин бир бөлүгүндө балык заводун курууга да белсенип жатышат.
Долбоор Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык көмөгү жана Аскар Салымбеков негиздеген “Дордой” ассоциациясынын колдоосу менен иш жүзүнө ашырылууда.
Келечекке багыт алып, кийинки этапта вертикалдуу интеграцияланган эт класстерин түзүүнү максат кылышууда. Анын алкагында Ысык-Көл, Нарын облустарындагы миңдеген фермерлер менен кызматташуу колго алынып, өнөктөштүк түзүү мерчемделген.
Короо-жайы, кашары бар, тажрыйбасы мол, бирок малы жетишерлик эмес жарандарга ар тартаптан колдоо көрсөтүп, мал, тоют менен камсыздап, ага ылайык алардан сырье алып, мал-жандыктарды көбөйтүү, бордоп семиртүү, дарыларды туура колдонуу боюнча окутууларды уюштуруп турушат. Башкы максат Кыргызстандагы даамдуу мал этин дүйнөлүк аренада жайылтуу болуп саналат.
Марат Зарыпбек уулу эт комбинат экологияга терс таасир этпей турганын айтып, өндүрүштөн кандайдыр жыт чыкпасына кепилдик берүүдө. Жабдуулар заманбап жана сапаттуу болгондуктан малдан калдык чыкпай турганын билдирди.
“Биз союлган малдын канын да, ичеги-карынындагы массаны да кайра иштетебиз. Ал 95%га кургатылып, үбөлөндү (порошок) түрүндө сатылат. Ит, мышык, балыктарга жем же жөн гана айдоо жерлерге жер семирткич катары да пайдаланууга болот. Ал эми отканада акыркы үлгүдөгү фильтр коюлган. Түтүн буу аралаш чыгып, табиятка зыян келтирбейт”,-деди ишкер Марат Зарыпбек уулу.



















