Адистердин белгилөөсүндө учурда дүйнө жүзүндө таза суунун запасы кескин азайып баратышы жалпы коомчулуктун тынчын алууда. Жер кыртышынын 70 пайызы суудан тургандыгына карабастан, анын 3 эле пайызын таза суу же мөңгү суулар түзөт.
БУУнун чыгарган эксперттик жыйынтыктарына ылайык, дүйнөдө 1 миллиардга жакын киши таза сууга жетпей жүрүшөт. Ошондой эле 2,7 миллиард адам таза суу тартыш шартта жашайт. 2014-жылы таза суу тартыштыгы боюнча өткөрүлгөн иликтөөгө 500дөн ашык ири шаарлар катышкан.
Анын жыйынтыгында ар бир төртүнчү шаардын элдери таза суу таңкыстыгынан улам, стресске кабылышкан. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча 2030-жылы барып, таза сууга болгон талап дагы 40 пайызга өсөт. Анткени климат өзгөрүп, калктын саны көбөйөт. Анын катарында, Фергана өрөөнү да суу көйгөйүнө кептелет.
Дүйнөдөгү эң чоң мөңгү жана суу запастары Кыргызстандын аймагында. Совет мезгилинде атайын каталог түзүлүп, Кыргызстандагы ири мөңгүлөрдүн санын 6771 деп көрсөтүшкөн. Бирок соңку 50 жыл ичинде каталог жаңыланган эмес. Бул маалыматтарды ВВС кыргыз кызматынын расмий сайты жарыялаган.
Адистер Кыргызстан менен Тажикстан таза суу жана мөңгү суунун запасы боюнча Борбор Азияда алдыда орунда турганы менен, дүйнөлүк климаттын өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу кайсы бир күнү суу таңкыстыгы көйгөйүнө баары бир туш болот дешет.
Баткен облустук башкы суу чарба башкармалыгынын суу пайдалануунун бөлүмүнүн башчысы Аширали Амираев бул облуста өлкөлөр аралык маанидеги – Исфайрам-Сай, Көк-Дарыя, Сох, Ак-Суу, Козу-Баглан аттуу 5 дарыя бар экенин айтып, алардагы суулардын көлөмү акыркы он жылда 21 пайызга азайганын эскертти. Эми алдыдагы 50 же 100 жылдан кийин суулардын таңкыстыгы Баткен өрөөнүндө ар бир жаранга сезилет дейт. Андыктан убакыт бар мезгилде баарын коюп, ирригациялык тутумдарды эл аралык стандарта курууга киришүүнү сунуштайт.
“Сууну үнөмдүү пайдалануунун маданиятын үйрөнүшүбүз керек. Агып жатат экен деп эле арыктагы сууларды ой келди буруп, ашканы көчө-көлдө жатпашы керек. Болбосо абал жакшы эмес”,-дейт Аширали Амираев.
Ушул жумада Баткен облусунда “Баткен аймагындагы био-ар түрдүүлүктүн актуалдуу маселелери” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара 22-май Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүк күнүнө карата, Германиянын табиятты коргоо NABU-Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Анда көтөрүлгөн негизги маселелердин бири: Фергана өрөөнүндөгү суу көйгөйү болду. “Баткен таңы” гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов ушул маселеге токтолуп, коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылды.
“Суу көйгөйүн чечүү үчүн убакыттын азайып бара жатканына карабастан, таза суу таңкыстыгы да өсүп жатат. Азыр бир литр таза суунун дүкөндөгү баасы 30 сомго чейин чыгып кетсе, дүйнөнүн таза сууга таңкыс делген аймактарында 1 доллардан ашты. Биз үчүн же дүйнөдө таза суу запастарына бай өлкө Кыргызстанда ушундай болуп жаткан соң, башка өлкөлөрдөгү таза суу таңкыстыгы күн сайын өсүп жатат”,-деди ал.
Жакында: “Кыргызстан сууну эл аралык нормада эмес, өздөрү каалагандай пайдаланып, бизге суу жетпей жатат”,-деген коңушулардын нааразычылыктары интернеттеги социалдык тармактарда бейрасмий жарыяланды. Бирок кыргызстандык суу чарба тармагынын кызматкерлери, биздин өлкө суунун башында турса да, суу жылдан-жылга азайып жаткандыктан, өзүбүз да нормадан аз пайдаланып жатканыбызды айтышты.
“Баткен облусун аралап өткөн Сох, Исфайрам, Ак-Суу, Козу-Баглан дарыялары 100 жылдан кийин болгону 20%ы гана калаарын эске алсак, Фергана өрөөнүн суу тартыштыгынын чоң көйгөйү күтүп турат”,-деди А.Акматов.
Буга чейин Кыргызстан суу ресурстарын кылдат башкарууну жактайт жана “ар бир тамчы маанилүү” деген принципте иш алып бара турганын МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров, ушул жылдын апрель айында Вашингтондо өткөн суу тармагын өнүктүрүү боюнча тегерек столдо билдирген.
“Биз Борбор Азиядагы уникалдуу мамлекеттердин бирибиз, ал жерде суу ресурстары толугу менен өзүбүздүн мөңгүлөрдөн түзүлөт. Дарыялардын орточо жылдык агымы 48,7 куб километрди түзөт. Бул факт менен биздин өлкө региондук масштабда дарыя агымынын калыптануу зонасы болуп саналган мамлекеттердин катарына кирет”,-деген ал.
Буларга кошумчалап, учурда өлкөнүн калкын климаттын өзгөрүшүнүн таасирине даярдоо саясатын жүргүзүп, жоболорду жана институттарды жакшыртуунун үстүндө иштеп жатканын белгилеген.
“Быйыл 2040-жылга чейин Суу боюнча улуттук стратегия кабыл алынып, суу менен камсыздоо жана санитария жөнүндө мыйзамдар иштелип чыкты. Инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууда энергетикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу милдеттери жана суу ресурстарын үнөмдөөгө жана эффективдүү пайдаланууга өбөлгө түзгөн климаттык долбоорлоо стандарттары эске алынат”,-деген А.Жапаров.
Дүйнө жүзүндөгү канча жаңжал, канча согуш болгон болсо, алардын бардыгы суу, жер талаштан чыккандыгын жакшы билебиз. Ошондуктан азыр дүйнөлүк алкактагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири бул суу көйгөйү экендигин талашсыз. Кыргыз-тажик чек арасындагы жөнөкөй адамдардын талаш-тартыштарынан, курал колдонгон согушка чейин барышы дагы суунун айынан чыгып келгени белгилүү.
Даярдаган: А.Белеков



















