Эмираттар талаш-тартыштарды дипломатиялык жол менен чечүүнү жактайт — ТИМ.
Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) Иранга каршы чабуул жасоо үчүн өзүнүн аба мейкиндигин, аймактык сууларын же аймагын пайдаланууга уруксат бербей турганын билдирди.
БАЭнин Тышкы иштер министрлигинин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө мындай деп айтылат:
«БАЭ өзүнүн аба мейкиндигин, аймагын же аймактык сууларын Иранга каршы кандайдыр бир аскердик чабуул үчүн пайдаланууга жол бербей турганын тастыктайт».
Билдирүүдө ошондой эле БАЭ Иранга каршы чабуул жасоо үчүн эч кандай логистикалык колдоо көрсөтпөй турганы белгиленип, кризистерди жөнгө салууда эл аралык укукту сактоого жана мамлекеттердин суверенитетин урматтоого чакырык жасалат.
«БАЭ талаш-тартыштарды дипломатиялык жол менен жөнгө салууну жактайт», — деп айтылат документте.















