Украинанын Орусияга аскерий басып кириши орус президенти Владимир Путин үчүн “чыныгы дилемма” жаратып жатканын АКШ президенти Жо Байден 13-августта айтып, америкалык аткаминерлер бул кадам боюнча украин тарап менен тынымсыз байланышта экенин кошумчалады.
«Акыркы алты-сегиз күндүн ичинде мага ар бир төрт-беш саат сайын Украинанын аракеттери тууралуу маалымат берилип турат. Украинанын бурулушу Путин үчүн чыныгы дилемманы жаратууда. Мен ушуну айтып коёюн дегенмин», – деди Байден.
Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл да Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагындагы чабуулу тууралуу пикирин айтты.
X социалдык тармагында ал Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен фронттогу акыркы окуяларды жана Курсктын жанындагы контрчабуулдарды талкуулаганын билдирди. Боррел Евробиримдик украин элинин күрөшүн толук колдой турганын ырастады жана Путин анын негизсиз баскынчылыгына каршы Украинанын каршылыгын сындыра албаганын жана азыр Орусиянын өз аймагына чегинүүгө аргасыз болуп жатканын белгиледи.
6-августта таңга маал 1000дей украин аскери Орусиянын чек арасынан өткөн. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, украин аскерлери чек ара аймагынын бир бөлүгүн басып алып, өлкөгө 10 чакырымдан ашык илгерилешкен.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер Вашингтондун операцияга эч кандай тиешеси жок деп билдирди.
«Биздин буга эч кандай тиешебиз жок. Биз украиндер менен алардын мамилесин талкуулоону улантабыз, бирок чындыгында бул алардын иши», – деди ал.



















