УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ундун кымбатташы боюнча нааразы болгон депутаттарга жооп кайтарды.
Ал ундун баасы көтөрүлүп кетти деп “хайп” кармаган депутаттарга баа өспөй тургандыгын, мамлекет кошумча чара көргөндүгүн айтты.
“Туура казактардын унунун баасы көтөрүлдү, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт. 1-сорт ундун баасы 30 с/кг, бир кап ун 1500 сом, жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет. Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт!
Мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган.
Так что, ЖК депутаттары Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни!” — деп жазды Ташиев соцтармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында бир катар депутаттар ундун кымбатташына нааразы болушуп, өкмөттүн ишин сынга алышкан. Анын ичинде эл өкүлү Марлен Маматалиев азык-түлүккө жооптуу министрлерге
“Сникерс” алып берип, “не тормози, сникерсни” деп коюуну сунуштаган.