Афганистандын түндүк аймагына эл аралык террордук уюмдардын топтолуусу дагы эле уланып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев бүгүн Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органы менен атайын кызматынын жетекчилеринин Бишкекте өтүп жаткан 54-отурумунда жасаган докладында билдирди.
УКМК жетекчисинин айтымында, террорчулук коопсуздуктун эл аралык системасынын орношуна коркунуч келтирип жатат.
Анын айтымында, террорчулук коопсуздуктун эл аралык системасынын орношуна коркунуч келтирип жатат жана экономикалык, аскердик кубаттуулугуна, географиялык жайгашкан ордуна карабай кедергисин тийгизет.
“Эл аралык террордук уюмдар жана анын артында турган каржылоочулары максатына жетиш үчүн бир катар аймактарда коомдук-саясий чыңалууну пайдаланышат. Биздин атайын кызматтар Афганстандын КМШ өлкөлөрүнүн түштүк чектеринин бүтүндүгүнө кооптуулук жараткан масштабга жетип калган түндүк провинцияларына террорчулардын топтолгону дагы деле уланып жатканына өзгөчө көңүл бурушу керек”, — деди Ташиев.
К. Ташиев ошондой эле быйыл Москва облусунун Красногорск шаарында “Крокус сити холл” залында болгон окуя террорчулук азыркынын ачуу көйгөйү экенин көрсөткөндүгүнө да токтолду.


















