Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Б. Аматов: “31-августту эгемендүүлүк күнү деп жарыялоону айттым”

  • Интервью
  • 29.08.2023 11:53

Loading

КЫРГЫЗСТАНДЫН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫНЫН ДЕКЛАРАЦИЯСЫ 1991-ЖЫЛЫ 31-АВГУСТТА КАБЫЛ АЛЫНЫП КАЛЫШЫНЫН БАШКЫ СЕБЕПЧИСИ, КААРМАНЫ – БЕГИШ АМАТОВ. УШУЛ КИШИНИН ЭМГЕГИ БААЛАНБАЙ КЕЛЕТ. АЛ ТУРГАЙ 31-АВГУСТ КҮНҮ МАЙРАМДЫК ИШ ЧАРАЛАРГА КОНОК КАТАРЫ ЧАКЫРЫЛБАЙТ ДАГЫ. МЕН БЕГИШ АКЕНИ “БААЛАНБАГАН БААТЫР” ДЕП КОЁМ.

— Бегиш аке, сиз Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуш керек деп демилге көтөрүп, ошол демилге менен 1991-жылдын 31-август күнү көз карандысыздык кабыл алынган болчу. 31-август күнү бир топ саясий-коомдук ишмерлердин арасында сиздин карааныңыз “Ала-Тоо” аянтында көрүнбөдү. Декларацияны кабыл алган токтомго кол койгон ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкуловдун аты көп аталды. Эгемендүү мамлекет болушубузга кимдин салымы канчалык болгонун ачыктап бербейсизби?

— Үка, башынан эле кайсыл бийлик болбосун мыйзамсыз иштерин, уурулугун айтып келатсам мени майрамга чакырмак беле? Эми сен сурагандын баарын ачыктап салсам Медеткан Шеримкулов мага капа болуп калышы мүмкүн. Демилгени мен көтөрүп, Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыкканым ырас. 1991-жылы 18-августта Курманжан Датка энебиздин 180 жылдыгын белгилегенбиз. Тойго ажо Аскар Акаев баш болуп, республика боюнча делегаттар барды. Компартияда Аманбаев эле, ал дагы барган. Алайда 150 миң адам чогулуп, миң боз үй тигилген. Андай той өмүрү болбоптур.

Тема боюнча

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026

Мен ал кезде Ош облусунун обкомунда уюштуруу бөлүмүндө орун басар, Кыргыз ССРнын Жогорку Кеңешинин депутатымын. Эртеси эле ГК ЧП башталды. Танктар көчөгө чыгып кеткен. Союздун президенти Горбачев Крымда Форосто экен. “Мен кызматтан кетейин” деген билдирүү да жасаган жок. Ельцин танктын үстүнө чыгып алып бакырып жүрөт. Эмне болуп кетет экен деп 10 күндөй карап олтурдук. Ошол убакта Өзбекстандын Андижан облусунун жетекчилери Ошко келишиптир. Баатыралы Сыдыков Ош облусуна жаңы эле губернатор болгон. Көрсө, өзбектер Баатыралы акени куттуктап келишкен экен. Коноктор менен губернатор өз кишилери менен чай ичишиптир. Бийликтин баары акимге өткөн, бизде бийлик жок.

Губернатордо иштеген Ноокаттык Ураим деген жолдошум бар эле. Өзүм Андижандан келгендер губернаторго кирип баратканын көргөм. Алдында бир аял чоң гүл көтөрүп, аркасында эки эркек киши кирген. Эртеси күнү Ураим экөөбүз түштөнүп, обкомдун аркасындагы бакта басып жүргөндө “Кечээ туугандар губернаторго келишиптир. Эмне деген сөз чыкканын биле алдыңбы?” деп сурасам, “Келгендер менен бирге чай ичтим. Ошол жерде Ислам аке (Каримов) 1-сентябрда Орто Азияда биринчи болуп Өзбекстандын эгемендүүлүгүн жарыялайт экен” деди. Орто Азияда отурукташкан элдердин арасынан тарыхы бар эл бизбиз. Биринчи болуп биз көз карандысыз мамлекет болгонубузду жарыяласак туура болмок деп айттым. Ураим дагы колдоду. Анда Бишкектен көз карандысыздык боюнча сөз да жок болчу.

— Биринчи идея өзбек туугандар келип кеткенден кийин пайда болуптур да?

— Ошондой болду. Акаевдин 31-август күнү парламенттин сессиясын чакыруу боюнча Указы чыкты. Анда 4 маселе коюлуптур. Эгемендүүлүк боюнча сөз жок. ГКЧП маселесин карай турган болуптурбуз. Отузу күнү Бишкекке учуп келип, туура эле төрагабыз Медеткан Шеримкуловго кирип, 31-августка чакырыптырсыңар, мен келдим деп колумдагы Акаевдин Указын көргөздүм. Карала турган 4 маселе бар экен. Эгемендүү мамлекет болобуз деген сөз жок. Ошко Андижандын губернатору Баатыралы Сыдыковду куттуктаганы келип, чай ичкен жерде Өзбекстандын Олий Мажлиси 1-сентябрда жыйын өткөрүп, эгемендүүлүгүн жарыялай турганы жөнүндө сөз чыгыптыр. Биз деле көз карандысыз өлкө болгонубузду жарыялабайлыбы? 31-августта баарыбыз чогулганы жатабыз дедим.

Медеткан Шеримкулов ак үйдүн алтынчы кабатында олтурчу. Жетинчи кабатын колу менен 3–4 жолу көргөзүп “Тигил билет” деди. Эмнеге бул кишинин добушу чыкпай, колу менен көрсөтүп жатат деп ойлондум. Көрсө, Аманбаев КГБда сурак берип жатыптыр. Өздөрү бири-бирин аңдышып калышыптыр. Түшүндүң да үка. Жетинчи кабатка чыксам 6–7 депутат Акаевге киребиз деп олтуруптур. Кезек күтүп олтурбай эле вице-президент Кузнецовго бардым. Ага да Шеримкуловго айткандын баарын айттым.

“Башыңды оорутуп эмне кыласың? Биз 4 маселени карайбыз. Өзбекстан менен ишиң болбосун…” деди. Андан чыгып партиянын борбордук комитетине бардым. Ал жерде экинчи секретары бар экен. Биринчи секретары Аманбаев КГБда сурак берип жүрсө, алар “эмне болуп кетебиз?” деп араң эле олтурушуптур. Маанай түштү, сумкамды көтөрүп алып “Пишпек” мейманканасына бардым. Ошол жерде 1936-жылдагы СССРдин Конституция курамындагы ар бир республика Союздан чыгууга уруксат бере турганын жазып, эртеңки сессияга даярдандым. Эртең менен Ак үйгө келсем регистратурада Төлөгөн Касымбеков менен Камбаралы Бобулов экөө учурады. Учурушкандан кийин бири-бирибизден эмне болду деп сурашып жатабыз да. Андижандын чоңдору келип Баатыралы Сыдыковду куттуктаганын, 1-сентябрда Өзбекстан эгемендүүлүгүн жарыя кылганы жатканын, Шеримкуловго кирсем колу менен жетинчи кабатты көрсөткөнүн бүт айтып бердим да, кечинде жазган текстти көрсөтүп, ушуну күн тартибине бешинчи маселе кылып киргизгенге сунуш кылайын деп жатам десем, экөөсү тең “Эң туура, колдойбуз”, — ​деди.

Колдойбуз деп коюп, мен микрофонго чыкканда кууп түшпөгүлө, Аматовду колу-бутуңар менен дүпүлдөтүп колдогула деп койдум. Сессия башталып, күн тартиби окулду. Менде сунуш бар дедим да микрофонго чыгып, текстти окуп, 31-августту эгемендүүлүк күнү деп жарыялоону айттым. Акаев үн дебей отурду. Шеримкулов бешинчи маселе кылып киргизүү үчүн добушка койду. “Эң туура, күн тартибине киргизишибиз керек”- деп залдан эки-үчөө мени колдоду. Ошентип менин сунушум күн тартибине кирди.

— Талкуу катуу болдубу?

— Сессия башталганда эле биринчи эгемендиктен баштадык. 31-август күнү аябай күпүлдөдүк, талкуу катуу болду. Көз карандысыздык боюнча декларацияны жазуу үчүн жети кишиден турган катчылык шайланды. Анын бирөөсү өзүм болдум. Левитиндин кабинетине биринчи эле мени чакырып кетти. Барсам Левитин декларациянын текстин жазып олтуруптур. Мага окуп берди. Жакшы жазыптыр. “Макулсуңбу?” деди эле, макулмун дедим. “Жетөөңдүн араңарда бир аял бар экен. Ошол окуп берсин” деген сунушуна да макул болдум.

Ал аял Чолпон Баекова болчу. Чолпон текстти окуп берди. Ошону менен 1991-жылы 31-август күнү эгемендик кабыл алынды. Түшкү тыныгууга чейин болчу, өзүм олтургам. Бир киши басып келди да “түшкү убакта Акаев сизди кабинетинде күтөт” деп айтып кетти. Төлөгөн Касымбековго айтсам, “Баргының, эгемендиктин датасын Акаев айтышы керек эле, сен айтып салдың. Акаев сенден карыз болду. Карызынан кутулат”- деди. Түшкү убакта Акаевге бардым. Чоң столунан туруп мени көздөй жөнөдү, мен эшиктен аны көздөй жөнөдүм. Экөөбүз чоң бөлмөдө бири-бирибизди куттуктадык. “Аябай жакшы болду”- деп сүйүнүп алыптыр.

Менден “Эмне жумуш кылып атасыз?” — ​деп сурады, обкомдо иштедим эле, ал жакты жаап келдим окшойт деп жооп бердим. “Бирге иштейли. “Улуттук ээлик кылуучулар” фондун ачканбыз. Анын төрагасы Жалил Садыков деген жазуучу. Ага орунбасар болуп иштеп берсеңиз”- деди. Болуптур дедим. “Бишкекте үй-жай барбы?”- деп сурады. Бишкекте кайдан үй-жай болот, партиянын иши менен жүрсөк десем, “ЦК чакан үй салган экен, ошол жерден кызматкерлерге берип жатабыз. Сиз да ошол жерден квартира аласыз”- деди. Рахматты айттым, экөөбүз колду кызышып, мен түшүп кеттим. Ушуну менен Акаевге бир киришим менен жумушум, квартирам да чечилген. Азыр эгемендүүлүк күнүн демилгелеп алып чыкканым үчүн Акаев берген квартирада олтурам.

— Парламенттин төрагасы Шеримкуловдо кандай реакция болду?

— Эч нерсе деген жок. Унчукпай олтурду. 1992-жылы Конституция кабыл алабыз деп комиссия түзүлдү. Акаев, анын орун басары Шеримкулов, губернаторлордун баары, кошоматчыларды тизмелеп Конституциялык комиссиянын курамын бекиткенбиз. 25 киши Конституция жазды. Жазганын бизге сунуш кылышты. 350 депутат алардын жазганын карадык. Анда 150 депутат болот, анын жүзүн эл шайлайт, элүүсүн Акаев чөнтөгүнөн чыгарып Указы менен бекитет экен. Ал долбоорун талкаладык. Ошентип Акаев менен Шеримкуловдун сунуш кылган долбоорун өткөрбөй койдук. Акаев, Шеримкуловду баарын комиссиядан чыгарабыз, булар жарабайт деп чыктык. Акаев дароо эле чуркап чыгып “25 киши калсын, үстүнө дагы 25 киши кошкула” деди. Болбосо, аларды жараксыз десек Акаев президенттиктен, Шеримкулов парламент төрагалыгынан кетиши керек эле.

— Кийин Акаев эгемендүүлүк майрамын белгилегенде сизди чакырып жаттыбы?

— Кайдан? Анын Конституциялык долбоорун талкалап, өзүн президенттиктен кетирип коё жаздасак мени чакырмак беле. Мен дагы каршы чыккандардын башында болгом. Ошондон кийин менин фамилиямды бир да жерде атаган жок.

— Курманбек Бакиев да сизди эгемендик майрамын белгилөөдө бир да жолу чакырган жокпу?

— Эркиндик сейил багы менен чыгып келатсам, бир машина токтоду. Ичинен Бекназаров менен Топчубек Тургуналиев чыгып, мени токто деди. Топчуке “Сен бизге кошулбай жатасың” деп айтты. Чогуу эле болуп атпайлыбы, кайсыл иште кошулбай жатам?- деп жооп бердим. “Акаевди кетирүүгө” деди. Акаевди кетирүүгө 100 пайыз кошулам. Ал кеткенден кийин эмне болот?- деп сурадым. “Бакиев президент болот” деп айтты. Ал жарабайт, мен Бакиевдин көк желкесинде төрт жарым жыл депутат болуп олтурдум. Бир жолу микрофонго чыгып, Кыргызстандын мындай проблемасы бар деп сүйлөгөн жигит эмес. Акаев эмне десе ошону аткарып турган. Премьер-министрге чейин алып барып, Аксы окуясына байланыштырып иштен алып, кайра эле Ала-Букадан Акаев өзү депутат кылып шайлап алып келди. Аны тандасаңар ката кетиресиңер дедим. “Сен билбейсиң. Биз Үсөндүн (Үсөн Сыдыков) кабинетинде баарын чечип бүттүк. Бакиев президент болот” деп Точуке күпүлдөгөн. Экөөбүз кичине айтышып кеттик эле Бекназаров койгула деген. Бакиев президенттикке жарабайт деген Аматовду майрамга чакырышып баш оорутмак беле.

— Атамбаев 25 жылдыкты белгилегенде бир жолу чакырды окшойт го?

— Ооба, чакырып трибунадан орун берген. Майрамдык кече башталганда эле Атамбаев Отунбаеваны “Сен эл шайлаган президент эмессиң” деп кекитип кирди. Отунбаева болсо кол шилтеп жөнөп кетти. Баарыбыздын маанайыбыз түштү. Анда майрам болбой эле бирөөнү жамандоо үчүн уюшулган кече болду. Майрам күнү элге шерменде болушту деп басып келгенбиз.

Наралы Асанбаев

Булак: “Эркин Тоо” гезити.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: КыргызстанЭгемендүүлүк
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

14.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Кыргызстан – Оман кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан – Оман кызматташтыгы талкууланды

06.10.2026
Азия оюндары-2026: Кыргызстан курама командасы жалпы 14 медаль жеңди

Азия оюндары-2026: Кыргызстан курама командасы жалпы 14 медаль жеңди

06.10.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.