Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Айпери Медет кызы менен Нурзат Нуртаева Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыгышты.
Айпери Медет кызы 76 кг салмак даражасында беттешип, 2 беттеш өткөрдү. 1/8 финалда спортчу кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда въетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда тайбейлик атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Финалда казак балбаны Жамиля Бакбергенова менен күч сынашат.
Ал эми Нурзат Нуртаева 1/8 беттеште Казакстандын спортчусу Елена Шалыгинаны 7:8 эсебинде жеңип, андан соң монголиялык спортчуну 10:8 эсеби менен жеңип финалга чыкты.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00до башталат.
Тилекке каршы, Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда япониялык Нонока Озакиден 3:1 эсебинде утулуп калды. Эми кыргызстандык балбан коло байге үчүн күрөшөт.