Бүгүн, 8-сентябрда, Ташкент шаарында CAFA Nations Cup 2025 эл аралык мелдешинин финалдык оюну өтөт. Жыйынтыкоочу беттеште Өзбекстан жана Иран курама командалары кез келет.
Ушул эле күнү үчүнчү орун, коло байге үчүн беттеш Душанбе шаарында Оман менен Индиянын командаларыныно ортосунда өтөт.
Өзбекстан
Өзбекстандын курама командасы Борбор Азия Кубогун Оман менен тең чыгуу менен баштады (1:1). Андан соң Түркмөнстандын курама командасын 2:1 эсебинде жеңип, үч упайга ээ болушту. Финалда Кыргызстандын командасын 4:0 эсебинде утуп, финалга чыгышты.
Иран
Турнирдин фаворити 3-турдун чечүүчү беттешинде Тажикстандын командасы менен 2:2 эсебинде тең чыкты. Алгач Иран курамасы Ооганстанды 3:1 эсебинде утуп, андан соң Индияны (3:0) менен уткан.
2023-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн CAFA Nation”s Cup турниринде (Борбор азиялык футбол ассоциациясы) Ирандын курама командасы биринчи жеңүүчү болгон. Анда финалда Иран Өзбекстандын командасын жеңип алган.
Финалдык беттешти кыргыз калыстары тейлешет
Бул мелдеш — Борбор Азия аймагынын эң башкы футболдук турнири болуп саналат. Кыргыз калыстарынын финалда иш алып барышы — ата-мекендик калыстар мектебинин деңгээлинин жогору экендигин тастыктайт.
CAFA Nations Cup турнири
Белгилей кетсек, CAFA Nations Cup тарыхта экинчи жолу сегиз команданын – CAFAнын алты мүчөсүнүн (Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Афганистан жана Иран), ошондой эле Оман менен Индиянын курама командаларынын катышуусунда өтүп жатат. Командалар эки топко бөлүнгөн. “А” тайпасынын оюндары Өзбекстанда (Ташкент), “В” тайпасынын оюндары Тажикстанда (Гиссар) өтүүдө.
Иран турнирдин “В” тайпасында Индия, Ооганстан жана Тажикстан курамалары менен бирге орун алган. Ал эми “А” таймасында Кыргызстан, Оман, Түркмөнстан, Өзбекстан курамалары орун алган.


















