Бириккен Араб Эмираттарында өспүрүмдөр арасында өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионатында ирандык төрт мушкер финалга чыгып, дагы үч спортчу коло байгеге ээ болду.
Аль-Айн шаарында өтүп жаткан бул мелдешке Ирандан 19 мушкер жөнөтүлгөн.
Мелдешке 26 өлкөдөн жалпысынан 462 мушкер катышууда. Мелдеш 2008-2009-жылы туулган спортчулар арасында 13 салмакта категорияда жана 2010-2011-жылдары туулган мектеп окуучулары жана окуучу кыздар арасында 15 салмак категориясы боюнча өткөрүлүүдө.
6-сентябрда өткөн жарым финалдык беттеште ирандык төрт мушкер финалга чыкса, дагы үч мушкер коло байгеге ээ болушту.
– 46 килограмм салмактагы Мехди Розбахани финалга чейин Монголия, Таиланд жана өзбекстандык спортчуларды жеңип, финалга чыкты. Эми ал чечүүчү беттеште украиналык мушкер менен алтын медаль үчүн күч сынашат.
– 48 килограмм салмактагы Саханд Наджафи таиланддык , индиялык жана кыргызстандык мушкерди жеңип, финалга өзбекстандык Рустамов менен беттешет.
– 60 кг салмактагы Мохаммад Биранванд Палестина менен Монголиянын өкүлдөрүн утуп, өзбекстандык Акожаев менен беттеште жеңилүү ызасын тартып, коло медаль тагынды.
– 63 килограмм салмактагы Ашкан Хашеми украиналык, түркмөнстандык жана ирактык атаандаштарын жеңип финалга чыккан. Эми ал финалда өзбекстандык мушкер менен алтын байгеге беттешет.
– 66 килограмм салмактагы Амир Мохаммад Ростампур кытайлык Тайбэй, Монголиялык мушкерлерди жеңип, кыргызстандык мушкерге жеңилип, коло медаль тагынды.
– 70 килограмм салмактагы Мохаммад Салех Месбахи Иордания, Кытайдын Тайбэйи жана жарым финалда индиялык мушкерди жеңип, финалга чыкты. Месбахи финалдык беттеште өзбекстандык спортчу менен рингге чыгат.
– 75 килограмм салмакта Махан Сажди индиялык мушкерди утуп, жарым финалда казакстандык мушкерге утулуп, коло медаль тагынды.
– 49 кг салмакта Матин Чамипа жана 61 кг салмакта Фарзан Ахмади финалга чыкса, 52 кг салмакта Махан Мохаммадиан коло медалга ээ болду.
Финалга чыккан мушкерлер 9-сентябрда алтын байге үчүн күрөшөт.



















