Кыргызстандын жаштар арасындагы (U-20) грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Испанияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээлеп, алтын медалга ээ болду.
Ал 87 кг чейинки салмак чен бирдигинде 8/1 баскычтан баштап, катары менен грузиялык Ачико Болквадзени, швециялык Хамза Сертканлини жана румыниялык Патрик Горданды жеңип, финалга чыккан.
Чечүүчү, финалдык беттеште, сербиялык Андреа Михайловичти, армяндык Рубен Геворгянды жана казакстандык Темирлан Турдакинди жеңген азербайжандык Жожу Самадовду 8:0 ири эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Дүйнө чемпиону аталды.
20 жашка чейинки спортчулардын арасындагы мелдештер 2-сентябрь күнү Понтеведра шаарында башталган.
Кыргызстандын спорт жаатындагы келечек ээси болгон Асан Жанышов өлкө тарыхында дээрлик 25 жылдан соң, маркум Раатбек Санатбаевден кийинки оор салмакта (87 кг) ийгилик жараткан экинчи балбан болуп калды.

Буга чейин ал 23 жашка чейинкилер арасында 2022, 2023 жана 2024-жылкы Азия чемпиону, 2023-жылы Иорданияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунун коло байгесин жеңип алган.



















