Бүгүн, 27-майда, Армениянын борбору Ереван шаарында жана өлкөнүн бир топ аймактарындагы административдик борборлордо нааразычылык акциялары кайра башталды. Бул жолу каршылык акцияларына чыккан жарандар эл аралык магистралдарды, аймактарды байланыштырган авто жолдорду жана көчөлөрдү тосуп салышканын “Sputnik Армения” сайты жазды.
Маалыматтарга караганда, митингчилерди күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү таратууга аракет кылганына карабай, чогулгандар тарашкан эмес. Мындан улам, административдик кодекстин 182-беренесинин (милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабын аткарбоо) негизинде кармоолор башталган.
27-майда түшкө чейин кармалгандардын саны 240ка жеткенин полициянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин нааразылыкка чыккан жарандардын катаал камалуусу тууралуу бир канча видеолор интернет желесинде тараган.
Парламенттин “Армения” фракциясынын депутаты Гарник Даниелян журналисттерге маалымат берип жатып, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жарандарга катаал мамиле кылып жатканын айткан.
“Алар өздөрүн өтө текебер жана адепсиз алып жүрүшөт. Атүгүл аялдарга жана курман болгон аскер кызматчыларынын ата-энелерине да орой мамиле кылып жатышат”,-деген Г.Даниелян.
Белгилей кетсек, Армениядагы нааразылык акциялар 19-апрелде Армения менен Азербайжандын ортосунда Тавуш деп аталган чек ара аймагын делимитациялоону баштоо келишими белгилүү болгондон кийин башталган. Бул толкундоолордун кийин нааразычылык акциясына чыккандар премьер-министр Николь Пашинянды кызматтан кетүүгө чакырышууда.
















