Өлкөдө мал чарбасын өнүктүрүү боюнча агенттик түзүлдү. Жаңы түзүм Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү комитетинин базасында ишин баштайт. Өзбекстанда жалпысынан 16 миллион гектар жайыт бар, бирок анын болгону 10%га жакыны гана колдонулат.
Жаңыдан түзүлгөн агенттикке төмөнкү милдеттер коюлду:
ири мүйүздүү малдын санын 16,5 миллионго жеткирүү, кой-эчкини 30 миллионго, канаттууларды 141 миллионго көбөйтүү. Ошондой эле эт жана сүттү кайра иштетүү деңгээлин 50%га жеткирүү, асыл тукум малдын үлүшүн 90%га чейин көбөйтүү жана тоют өсүмдүктөрүнүн аянтын 1,5 эсеге кеңейтүү пландалууда.
Малчыларды колдоо чаралары
1-июндан тарта коммерциялык банктар 10 жылга чейин 10% жылдык үстөк менен, 4 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү бар насыяларды бере баштайт. Асыл тукум мал импорттоочулар 2029-жылга чейин КНСтен бошотулат.
Банктарга 6% жылдык үстөк менен 1 трлн сум жана 50 млн доллар каражат жайгаштырылат. Бул каражаттардын эсебинен быйыл 1,5 миң долбоор ишке ашырылып, 25 миң жумуш орду түзүлүп, малдын саны 400 миң башка көбөйтүлөт.
Кадрларды даярдоо
1-июндан тарта алдыңкы агрардык жогорку окуу жайларда жасалма уруктандыруу боюнча 10 күндүк курстар уюштурулат. Жыл сайын кеминде 1 миң адисти даярдоо пландалууда.
Жасалма уруктандыруу аркылуу алынган ар бир асыл тукум музоого 500 миң сум, эмбрион көчүрүү аркылуу алынган музоого 700 миң сум субсидия төлөнөт.



















