2025-жылдын жыйынтыгы боюнча америкалык үй-бүлөлөрдүн карызы рекорддук деңгээлге — 18,8 триллион долларга жетти.
Бул тууралуу Нью-Йорктогу Федералдык резерв банкынын отчетуна таянып РИА Новости билдирди.
Жыл аягына карата америкалыктардын жалпы карызы, анын ичинде насыялар боюнча карыздар, 191 миллиард долларга өстү. Ошол эле учурда ипотекалык насыялар боюнча карыз 98 миллиард долларга көбөйүп, 13,17 триллион долларды түздү.
Турак жайды күрөөгө коюп алынган кредиттик линиялар (HELOC) боюнча карыз 11,6 миллиард долларга өсүп, 434 миллиард долларга жетти. Кредиттик карталар боюнча карыз 44 миллиард долларга көбөйүп, 1,28 триллион долларды түздү, ал эми автоунаа насыялары боюнча карыз 12 миллиард долларга өсүп, 1,67 триллион долларга жетти. Студенттик насыялар боюнча да окшош жагдай байкалууда — карыздар 11 миллиард долларга өсүп, жалпы суммасы 1,66 триллион долларды түздү.
















