Бүгүн, 8-январь Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземи өттү.
Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Тууну көтөрүү аземине Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана шаар тургундары катышты.
Видео: Борбордук "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болду*****Видео: На центральной площади «Ала-Тоо» прошла церемония поднятия государственного флага
Опубликовано Администрация Президента КР Воскресенье, 7 января 2024 г.
Тууну көтөрүү учурунда аскердик оркестрдин коштоосунда мамлекеттик гимн жаңырды.
Мамлекеттик тууну жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо таап, ага өткөн жылдын 22-декабрында Президент кол койгон.
Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.



















