АКШ Сенаты президент Дональд Трамптан Иранга каршы аскердик аракеттерди жүргүзүү үчүн Конгресстин макулдугун алууну талап кылган резолюцияны кайрадан четке какты.
Добуш берүүгө ылайык, 47 мыйзам чыгаруучу резолюцияны колдоп, 53ү каршы добуш берди.
Эске салсак, демократ сенатор Крис Мерфи мамлекет башчысынын аскердик ыйгарым укуктарын чектөөнү сунуштаган. Тактап айтканда, ал президент Дональд Трамптын Конгресстин макулдугусуз аскердик күч колдонуусуна жол бербөө зарылдыгын баса белгилейт.
Бул демократтардын Ак үйдүн аскердик ыйгарым укуктарын чектөө боюнча бир айдын ичиндеги үчүнчү аракети.
Мерфи Жакынкы Чыгыштагы жаңжал мунай менен газдын баасынын кескин жогорулашына алып келгенин белгиледи.
Март айынын башында резолюцияны колдогон жалгыз республикачы Кентукки штатынан Рэнд Пол болгон, ал эми Пенсильвания штатынан сенатор Джон Феттерман демократтар арасында ага каршы добуш берген.
Демократтар Трамп конституцияга каршы согуш жүргүзүп жатканын ырастап, коргоо министри Пит Хегсет менен мамлекеттик катчы Марко Рубиодон өнөктүктүн максаттарын, милдеттерин жана чыгымдарын түшүндүрүү үчүн коомдук угууларды өткөрүүнү талап кылышууда.
Республикачылар Трампты колдогонуна карабастан, сурамжылоолор Ирандагы согуштун популярдуу эместигин көрсөтүп, америкалыктардын 29%ы гана соккуларды колдойт. Демократтар 13 америкалык аскер кызматкеринин өмүрүн алып, миллиарддаган долларга чыгым келтирген чыр-чатактын узартылышы республикачыларды өз позициясын кайра карап чыгууга мажбурлайт деп үмүттөнүшүүдө.















