АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тегеран ортомчулар аркылуу Ирандын тоңдурулган активдеринин белгилүү бир бөлүгү баштапкы этапта бошотулмайынча эки өлкөнүн ортосундагы келишимге жетишилбей турганын билдирген.
Бул тууралуу Tasnim маалымат агенттиги бул маселе менен тааныш булакка шилтеме жасап билдирди.
Булактын айтымында, Иран тоңдурулган активдеринин белгилүү бир бөлүгү баштапкы этапта бошотулмайынча жана андан кийин бардык тоңдурулган активдерди бошотууну кепилдөөчү так механизм түзүлмөйүнчө эч кандай келишимге жетишилбей турганын ачык билдирген. Бул маселе Пакистандын ортомчусунун жана сүйлөшүүлөргө катышкан бир катар аймактык өлкөлөргө айтылган.
Агенттиктин булагы америкалыктар учурда келишимдин айрым пункттарын, анын ичинде Ирандын тоңдурулган активдерин бошотууну ишке ашырууга тоскоолдук кылууну улантып жатканын баса белгиледи.
23-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы келишим негизинен макулдашылганын, ага башка жоболор менен катар Ормуз кысыгын ачуу да кирерин билдирген.
Бирок Иран Трамптын тынчтык келишимине Ормуз кысыгын толук ачуу кирет деген билдирүүсүн четке кагып, мүмкүн болгон келишим түзүлгөн учурда, Ормуз кысыгы Ирандын көзөмөлүндө каларын Fars News агенттиги маалымдады.
Ошол эле учурда Al Hadath телеканалы булактарга шилтеме берип, Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 5-июнда өтүшү мүмкүн экенин билдирди.
Бул булактардын маалыматы боюнча, АКШ менен Ирандын ортосундагы чыр-чатакты чечүү боюнча алдын ала макулдашуу өз ара түшүнүшүү меморандуму болуп саналат, ага кол коюлгандан кийин акыркы маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Булактар Иран менен АКШнын ортосундагы потенциалдуу алдын ала макулдашуу “Исламабад декларациясы” деп аталарын айтышууда. Алардын айтымында, сүйлөшүү процессиндеги негизги ортомчу Пакистан негизги тараптардын катышуусуз эле меморандумду жарыялашы мүмкүн. Вашингтон менен Тегеран “акыркы келишим боюнча сүйлөшүүлөр башталганда” өз делегацияларынын башчыларын жөнөтүшөт.




















