АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) кетип жаткан жетекчиси генерал Майкл Курилла Израилдин АКШ менен макулдашпастан Иранга каршы аскердик операциясы АКШнын Батыш Азиядагы (Жакынкы Чыгыштагы)америкалык контингенттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн экенин Конгресске билдирди.
Куралдуу күчтөр комитетинде өткөн угууларда сөз сүйлөгөн Курилла, АКШ армиясы Ирандын өзөктүк программасын токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер ийгиликсиз боло турган учурда колдонулуучу бир нече аракет планын иштеп чыкканын билдирди.
Анын айтымында, бул пландар АКШ президенти менен коргоо министринин кароосуна сунушталган.
Генерал белгилегендей, Иранга каршы макулдашылбаган кандай гана чабуул болбосун, айрыкча Израил тараптан соккулар, аймактагы абалды курчутуп, АКШнын аскерлерине түз коркунуч жаратышы мүмкүн.
Курилла Вашингтон мындай абалга жол бербеш үчүн өнөктөштөрү менен координацияланган аракеттерди жактарын белгиледи. Бул – күтүлбөгөн кесепеттерден качууга жана АКШнын аймактагы күчтөрүнүн коопсуздугун сактоого жардам берет.
Ошол эле учурда Батыш МАГАТЭнин алкагында Иранга каршы резолюция кабыл алууга аракет кылууда.
Израилдин “12-каналынын” маалыматына ылайык, Израилдин Ирандагы өзөктүк объекттерге сокку уруу даярдыгы соңуна чыгып калды.
Иран бийликтери өлкөгө каршы кандай гана иш-аракет болбосун, кыйратуучу жооп кайтарыларын баса белгилешкен.
Апта башында Ирандын чалгын министри Эсмаил Хатиб Израилге каршы чалгын операциясы ишке ашырылганын, анын алкагында Израилдин ыктымал өзөктүк долбоорлору жана объектилери тууралуу көп сандагы стратегиялык жана жашыруун маалыматтар, документтер чогултулганын билдирген.
Эскерте кетсек, Иран менен АКШнын ортосундагы өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасы 14-июнда Оман өлкөсүндө өтөт.
АКШ президенти Дональд Трамп мурдагыдай эле катуу позицияны карманып, күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу кыйытты.
Тараптар уранды байытуу боюнча келишимге келе элек. АКШ Ирандан уранды байытуудан баш тартууну талап кылса, иран тарап мындай талаптарды четке кагып, эгерде Вашингтон Тегерандан уранды байытуу технологиясынан баш тартууну талап кылса, тараптар бир пикирге келе албасын билдирди.
Ошол эле учурда Иран уранды байытуу деңгээлин төмөндөтүү мүмкүн экенин, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасынын тынчтык мүнөзүн көрсөтүү үчүн өзүнүн өзөктүк ишмердүүлүгүн инспекторлордун көбүрөөк көзөмөлдөөсүнө мүмкүндүк берүүгө даяр экенин билдирген.















