Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.
Кыргыз балбаны финалда япониялык спортчу Юка Кагами менен кез келип, бутунан жаркат алып, атаандашына 0:8 эсебинде жеңилип калды.
Эске салсак, Айпери Медет кызы былтыр Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионатында финалда япониялык Юка Кагамини жеңип, чемпион болгон.
16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында Медет кызы 76 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалынан тарта катышты.
Белгилей кетсек, Медет кызы кечээ дүйнө чемпионатында финалга чыгып, 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына Кыргызстан үчүн алгачкы жолдомону уткан.