Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи бүгүн Израилдин жакындагы кол салуусуна байланыштуу телекайрылуу жасап, иран элинин каршылык көрсөтүүсүн жогору баалады.
Анын айтымында, ирандыктардын «токтоо, эр жүрөктүк жана өз убагындагы жообу» алардын акыл-эстүүлүгүн, руханий туруктуулугун жана жетилгендигин далилдеди. Бул тууралуу Tasnim агенттиги билдирди.
«Иран эли таңууланган согуштун алдында кандай туруштук берсе, таңууланган тынчтыктын алдында да ошол сыяктуу бекем турат. Бул эл эч кандай диктатка баш ийбейт», — деп баса белгиледи Хаменеи.
АКШ президентинин акыркы коркутууларын комментарийлеп жатып, жогорку лидер:
«Иранды, анын элин жана тарыхын тааныган адамдар бул улут менен эч качан коркутуу тилинде сүйлөшпөйт», — деди. Ал кошумчалагандай, АКШнын кандай гана болбосун аскерий кийлигишүүсү «орду толгус зыяндарга» алып келет.



















