Афганистандын чыгышында болгон зилзаладан каза болгондордун саны 800 адамга жетти. Бул тууралуу өлкө өкмөтүнүн расмий өкүлү 1-сентябрда маалымдады, деп жазат Aawsat.
Маалыматка караганда, 2,8 миңден ашык киши жаракат алган. Куткаруу иштерине тик учактар тартылды.
Европа-Жерортолук деңиз сейсмология борбору буга чейин Афганистанда 6,0 баллдык күчтөгү жер титирөө катталганын билдирген.
АКШнын Геологиялык кызматы болсо анын артынан ошол эле аймакта 4,3төн 5,2 баллга чейинки беш афтершок болгонун тактады.

















