Азыр Баткенде өрүк гүлү ачылып, жаратылыштын көркүнө көрк кошуп турган чак. Аппак гүлү ааламдын ажарын ачып, көргөн адамдын көңүлүн көтөрөт.
Өрүкзарлар гүлүн апрелдин башында төгүп, мөмөсү июнь, июль айларында бышып, августтун 10-15теринде баары толук жыйналат. Баткенде 2-апрель өзгөчө майрамдалат, анткени дал ушул күнү “Өрүк күнү” белгиленип, жаш көчөттөрдү отургузушат.
Баткендеги өрүк гүлүнүн кооздугун жапондордун «Сакурасына» салыштырат. Алардагы салт бизде да өнүксө дешет. Анткени жапон эли “Сакура” гүлдөгөндө анын жанына барып, жаратылыштын кооздугуна суктанып, ажайып кооздукка чөмүлүшөт. Коомчулукта ушундай эле аракетти кыргызстандыктар да жасаса – бул, ички туризмди өнүктүрүү менен адамдын жаратылышка болгон мамилесинин өзгөрүүсүнө түрткү бермек дешет.
🌸🌸🌸Ааламдын ажарын ачкан Баткен өрүгү гүлдөдүВидео: Исхак Туратбеков
Опубликовано Евразия Бүгүн Среда, 3 апреля 2024 г.
Аталган облуста 10 миң гектардан ашык өрүкзар болсо, анда 20дан ашык сорт өстүрүлөт. Бир эле ашкана сортунан 1 млрд сомдой киреше түшөөрү, ал эми жылына өрүк бактарынан жалпысынан 3,5 млрд сомдой киреше алынары айтылып келет.

Баткен облусунун дээрлик бардык айылында өрүк өсөт.Эң көп өрүкзарлар Баткен районунда, Лейлек районунун Булак-Башы, Арка аймактарында жайгашкан.

Ар бир үйдүн короосунан эң аз дегенде 10-15 түп өрүк багын жолуктурууга болот.

Баткен өрүгүнүн канттуулугу да эң мыкты деңгээлде экени аныкталган. Буга негизги себеп аймакта аба ырайынын жана жер шартынын өрүк багына туура келиши башка аймактарга салыштырмалуу жагымдуу. Өрүктүн курамында калий, магний, фосфор, кальций, натрий ж.б. минералдык заттар бар.
Аймактагы өрүктүн өзгөчөлүгү – эттүү келип, аш болумдуу. Аймакта өрүкзар 7 миң гектардан ашык аянтты ээлейт. Анын 500 гектары “ак өрүк” сорту. “Ак өрүк” эрте бышып, сыртка эртерээк экспорттолот.
Сүрөт, видео: Исхак Туратбеков



















