Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

 А. Жапаров: ” ШКУнун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 25%га жетти”

  • Экономика
  • 17.10.2024 10:18

Loading

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Исламабад шаарында (Пакистан Ислам Республикасы) өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин 23-жыйынына катышты. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, ШКУ кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн берип, динамикалуу өнүгүүсүн улантып жатканын белгиледи. Ал белгилегендей акыркы 15 жылдын ичинде катышуучу өлкөлөр олуттуу экономикалык прогрессти көрсөтүп, 2009-жылдан бери ШКУга мүчө-мамлекеттердин жалпы ИДПсы эки эседен ашык өстү. Уюмдун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25%га жетип, ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү 250%, өз ара инвестициянын көлөмү дээрлик төрт эсе өстү.

“Бул жетишкендиктер, туура стратегия менен дүйнөлүк өсүштүн драйвери боло ала турган аймактын жогорку потенциалын тастыктайт”-деген Акылбек Жапаров, андан аркы сөзүндө учурдагы татаал глобалдык геосаясий кырдаалды эске алуу менен Уюмдун потенциалын толук пайдалануу боюнча узак мөөнөттүү стратегияны кабыл алуу зарылчылыгын белгилеп, Кыргыз Республикасы ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын тез арада кабыл алынышын жактай турганын билдирди.

Тема боюнча

Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

19.10.2026

Ошондой эле ал, тараптарды ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын жана 2030-жылга чейинки мезгилге ШКУнун Экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти күчөтүүгө чакырды.

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров аймак боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү, ошондой эле жаңы эл аралык каттамдарды түзүү үчүн биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгына токтолуп, деңиз кемеси менен кургактагы темир жол байланыштарынын ортосунда жүк ташуу логистикасын айкалыштыруу зарылчылыгын билдирди.

1 of 9
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

“Мындай мамиле атаандаштыктын ордуна, өзгөчө Евразия континентинин борборун кесип өткөн темир жол линиялары үчүн олуттуу жеңилдиктерди пайда кылып, бул жүк ташуу маршрутун 1000 км.ге чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу жана аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртуу максатында эл аралык автомобиль ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруу маанилүү. Биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча ишке ашырылып жаткан долбоор аймактын транзиттик потенциалын толук ачууга карай олуттуу кадам болоруна ишеним билдиребиз”-деди ал.

Андан аркы сөзүндө Акылбек Жапаров соода-экономикалык кызматташтык долбоорлорун ишке ашыруу жана ШКУнун институционалдык өнүгүүсү үчүн, Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү маселелерин тез арада чечүү зарылчылыгын, ошондой эле ШКУнун инвестициялык фондун түзүү боюнча консультацияларды улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле ал, санариптештирүү жана жаңы технологияларды колдонуу экономиканы өнүктүрүүдө жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүдө маанилүү ролду ойноорун белгиледи. Бул багытта Акылбек Жапаров жыйындын катышуучуларына, 2024-жылдын 4-июлунда Астана шаарында өткөн ШКУ саммитинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, ШКУнун жаштарынын санариптик форумун 2025-жылы Бишкекте өткөрүү ниетин эске салып, тараптарды бул иш-чарага катышууга чакырды.

Өз сөзүндө МинКаб башчысы Экологиялык проблемалардын курчтугун козгоп, бул контекстте тоолу аймактын суу ресурстары электр энергиясынын маанилүү булагы болгондуктан экологиялык маселелер энергетика менен тыгыз байланышта экенин белгиледи. Бул багытта Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу аймактагы суу ресурстарын пайдалануудагы чыңалууну кыйла азайтат жана энергетика тармагында кызматташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп сыпаттады.

Акылбек Жапаров БУУнун Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдардагы беш жылдык акциясын ишке ашыруу максатында жана Тоо беш жылдыктын жыйынтыктоочу этабы катары 2027-жылы Кыргызстанда “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммитин өткөрүү пландалып жатканын дагы айта кетти.

Андан ары Акылбек Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы гуманитардык өз ара аракеттенүү зарылчылыгына токтолуп, «спорт саясаттан тышкары» принцибинде ШКУнун жыл сайын өтүүчү Ысык-Көл марафону “спорттук визиттик картага” жана айланганын белгиледи.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын колдоосу менен Бишкекте түзүлгөн ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий интеграция борборунун базасында ШКУнун кинофестивалдарын жана ШКУ өлкөлөрүнүн акын-жазуучуларынын арасында Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сынакты үзгүлтүксүз уюштурууну сунуштады.

Сөзүнүн аягында МинКаб башчысы Пакистан Ислам Республикасынынын натыйжалуу төрагалыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинди Өкмөт башчылар кеңешинин төрагалыгына кабыл алышы менен куттуктады.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ИсламабадШКУ
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

ШКУ өлкөлөрү энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

22.10.2026
Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

Ареф: ШКУнун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу — Ирандын стратегиясы

19.10.2026
ШКУнун башкы катчысы космосто жарыша куралданууну токтотууга чакырды

ШКУнун башкы катчысы космосто жарыша куралданууну токтотууга чакырды

16.09.2026
А. Медетбеков: “ШКУнун төрагалыгы Пакистанга өттү. Кашмир тобокелдигинин алдын алуу зарыл”

А. Медетбеков: “ШКУнун төрагалыгы Пакистанга өттү. Кашмир тобокелдигинин алдын алуу зарыл”

10.09.2026
А. Медетбеков: “ШКУнун төрагалыгы Пакистанга өттү. Кашмир тобокелдигинин алдын алуу зарыл”

А. Медетбеков: “ШКУнун төрагалыгы Пакистанга өттү. Кашмир тобокелдигинин алдын алуу зарыл”

08.09.2026
Президент Эрдоган: Түркиянын ШКУга мүчө болуу перспективасы Батыштан баш тартуу дегенди билдирбейт

Президент Эрдоган: Түркиянын ШКУга мүчө болуу перспективасы Батыштан баш тартуу дегенди билдирбейт

08.09.2026
ШКУ саммитинде Иран көтөргөн демилгелер — Эксперттин пикири

ШКУ саммитинде Иран көтөргөн демилгелер — Эксперттин пикири

03.09.2026
Бишкектеги ШКУнун саммитинде бир катар документтерге кол коюлду

Бишкектеги ШКУнун саммитинде бир катар документтерге кол коюлду

01.09.2026
Алиев менен Пезешкиан Азербайжан менен Ирандын мамилелеринин өзгөчө маанисин ырасташты

Алиев менен Пезешкиан Азербайжан менен Ирандын мамилелеринин өзгөчө маанисин ырасташты

01.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.