Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 9-10 -июль күндөрү иш сапар менен Россия Федерациясынын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
“Екатеринбург шаарында МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ 2024 негизги стратегиялык сессиясына катышуусу күтүлүүдө”,- деп айтылат маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
А. Жапаров мындан тышкары Россиянын Красноярк шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жаа гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышат.


















