2026-жылдын январь–сентябрь айларында Өзбекстандын 5,9 миллион жараны туристтик максатта чет өлкөлөргө чыккан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 19-октябрда маалымдады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чет өлкөгө чыккандардын саны 132,7 миң адамга көбөйгөн.
Маалыматка караганда, сапарлардын эң көп бөлүгү коңшу мамлекеттерге туура келген. Эң көп барылган өлкөлөрдүн алдыңкы ондугу төмөнкүдөй:
-
Кыргыз Республикасы — 2 716 447 адам;
-
Казакстан — 1 065 155 адам;
-
Тажикстан — 983 724 адам;
-
Россия — 281 571 адам;
-
Түркия — 239 376 адам;
-
Сауд Арабиясы — 209 112 адам;
-
Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) — 64 770 адам;
-
Кытай — 58 531 адам;
-
Египет — 45 583 адам;
-
Вьетнам — 36 347 адам.
Буга чейин 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Өзбекстанга 10,3 миллион чет элдик турист келгендиги маалымдалган. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,4 пайызга көп.



















